Перейти к содержимому

Нурсултан Малдыбаев VS Арген Биймырза

N-GROUP

Нурсултан Малдыбаев VS Арген Биймырза

111 326 просмотров · 1 месяц назад
N-GROUP
3,33 тыс. подписчиков
111 326 просмотров · 1 месяц назад
2026-жылдын 27-июнунда Кыргыз улуттук филармониясында «Ар кыргыз болсун өргөлүү - акындын калсын өрнөгү» аттуу республикалык төкмө акындардын айтышы жогорку деңгээлде өттү. Бул маданий иш-чарада өлкөбүздүн белгилүү төкмө акындары өнөр таймашына чыгып, сөздүн күчүн, акындык чеберчиликти жана улуттук баалуулуктарыбызды даңазалашты. Айтыш көрүүчүлөргө өзгөчө маанай тартуулап, кыргыз элинин бай маданиятынын дагы бир жолу улуулугун көрсөттү. N Group улуттук маданиятты, руханий мурастарды жана коомдук баалуулуктарды колдоону өзүнүн маанилүү багыттарынын бири катары эсептейт. Биз өлкөбүздүн өнүгүүсү заманбап курулуштар менен гана эмес, улуттук аң-сезимди, маданиятты жана тарыхый мурастарды сактоо аркылуу да ишке ашарына ишенебиз. Айтышка катышкан бардык акындарга, уюштуруучуларга жана келген конокторго терең ыраазычылык билдиребиз. Улуттук мурас жашай берсин, акындын өнөрү даңазалана берсин! #N_Айтыш #Айтыш2026 #NGroup_Айтыш