Перейти к содержимому

БАЛКЫМА - БЕКМЫРЗА ТӨЛӨГӨНОВ.

АЙТЫШ ДҮЙНӨСҮ

0:00 / 0:00

БАЛКЫМА - БЕКМЫРЗА ТӨЛӨГӨНОВ.

10 774 просмотра · 2 г. назад
АЙТЫШ ДҮЙНӨСҮ
41,4 тыс. подписчиков
10 774 просмотра · 2 г. назад
с. Мирлан Самыйкожо. о. Элмирбек Иманалиев. БАЛКЫМА Сезимим чоочуй баштады, Сен кетчү тарап башкабы. Күбүлүп түшүп жалбырак, Күтпөйбү жазды баштагы. Эх мезгил токто шашпачы, Эргүүмдү күбүп какпачы. Тан болуп келген сүйүүмдү, Талкалап салбай сактачы. Тагдырда бар да айрыма, Таалайсыз кылып кайрыба. Жок кылгым келбейт эч качан, Жомоктон мени айрыба. Дабышын укпай жүрөктүн, Далайдан бери жүдөпмүн. Кыйноого салып жанымды, Кыйкырык салып сүрөпмүн. Көргөндө көзүм ачылды, Көксөгөн демим басылды. Жоодурап турган жамалың, Жомокко кайра чакырды. Жан дүйнөм балкып кубанды, Жакшы сөз балким угамбы. Жолунуз башка деп айтып, Жүрөктү кылба уранды. Айласын таппай жанымдын, Алыска кетсең сагындым. Ызгаарын көрүп кусанын, Ысыгын сездим жалындын. Назары түшсүн жакшынын, Нурдансын жаркып жаштыгың. Тапшырдым көрүп койгун деп, Таңына сени Аксынын. Сен бирок ичтен чыйрал да, Сүйүүңдү мага ыйгарба. Сооротуп жашат жөн гана, Сен мендей болуп кыйналба. Чок түшкөн өңдүү көсөлөм, Чоочуба баарын көтөрөм. Батына албайм эч качан, Бар болгон үчүн көшөгөм. Сен болсо эркин уларсың, Зоокадан сайрап турасың. Башкалар такыр түшүнбөс, Боздогон унду угарсың. Андайлар көптүр айлында, А бирок үндү айрымда. Обдулса дагы жүрөгүң, Ошондо дагы кайрылба! Кандай жан болдум мен деги, Келбе деш оңой нерсеби, Кысылтып сени өзүмдөй, Кыйнагым келбейт мен сени. Сага эчак бакыт кезиккен, Сен деген жанды эшиткем. Сени эмес эми ар качан, Сүйүүмдү жектейм кечиккен! #айтыш #кыргызстан #rek #рек #music #комуз #cover