Перейти к содержимому

Макал лакаптардын чогулушуна кош келиңиз 🗿

Kyrgyz Proton

0:00 / 0:00

Макал лакаптардын чогулушуна кош келиңиз 🗿

32 437 просмотров · 2 нед. назад
Kyrgyz Proton
2,15 тыс. подписчиков
32 437 просмотров · 2 нед. назад
📜 Макал-лакаптардын собраниясына кош келиңиз! 🗿 Бул видеодо кыргыз элинин накыл сөздөрү, макал-лакаптары жана муундан муунга өтүп келген акылман ойлору камтылган 103 макал-лакап айтылат. 🇰🇬 Макал-лакаптар — элибиздин турмуштук тажрыйбасын, тарбиясын, дүйнө таанымын жана улуттук баалуулуктарын чагылдырган руханий мурас. Алар адамды адептүүлүккө, эмгекчилдикке, сабырдуулукка жана акылмандыкка үндөйт. ✨ 📖 Видеодон кыргыз тилинин байлыгын, сөздөрдүн терең маанисин жана ата-бабаларыбыздан калган накыл кептерди таба аласыз. 💬 Сизге кайсы макал-лакап көбүрөөк жагат? Комментарийге жазып калтырыңыз! ❤️ Видеону жактырсаңыз, лайк басып, каналыма катталып коюңуз! #кыргызстан #макалдар #макаллакаптар #кыргызча #макал #пословицы #илим #кыргызскиепословицы #билим 1. Жан башында жапалак, жапалак көрсөң атып өт, жаманды көрсөң качып өт 2. Алпагай кызга салпагай күйөө 3. Артык дөөлөт баш жарбайт 4. Абийир сактап ак жүр, алыш-беришке так жүр 5. Эчки тууй албай жатып, кой карачы болот 6. Билим алуу — ийне менен кудук казгандай 7. Байлык, тынчтык бир болбос, кой бөрүдөн дос болбос 8. Жер байлыгын сакта, жаратылышты баркта 9. Пайданы башыңа кыл, башыңдан артса, досуңа кыл 10. Эчкинин майын көп жесең, таңдайыңа жабышат, эркекти көп карасаң, этегине жабышат 11. Көп сүйлөгөн эшекке жүк болот 12. Жакшыга жагынып кутул, жамандан жалынып кутул 13. Бөрөөнүн ичи деңиз го, бөрөөнүн ичи дөңүз го 14. Ит итти жумшайт, ит куйругун жумшайт 15. Бети калың кызарбайт, кызарбаган узарбайт 16. Жылуулук күндүн көзүндө, улуулук даанышман сөзүндө 17. Жакшы аял наарын чачат, жаман аял заарын чачат 18. Эки жакшы айтышса — тунук суудай, эки жаман айтышса — ылай суудай 19. Эмнени эксең, ошону аласың 20. Акыл аалам кездирет, өнөр көккө жеткирет 21. Жаман катын алганча, бойдок жүргөн өлгөнчө, жаман бычак алганча, тиштеп жегин тойгончо 22. Кыз кезинде баары жакшы, жаман аял кайдан чыкты? 23. Жазгы жамгырга ишенбе, күзгү күнгө ишенбе 24. Түйшүгүңө карап аягыңды соз 25. Жер тойбой, эл тойбойт 26. Нандын ыссыгы жакшы, сөздүн бышыгы жакшы 27. Тирүү жандын атасы — күн, энеси — жер, каны — суу, жаны — аба 28. Аял — үйдүн куту, акчанын жуту 29. Актын иши оң болот, каранын иши кор болот 30. Ырысы жокко ышкындан айтпайт, кешиги жокко кемирчектен айтпайт 31. Келин кезде тилдүү болсоң, кемпир болгондо жинди болосуң 32. Адал жүргөн – арам болбо, сакы болгун – сараң болбо, бузук ишти биле туруп, түшпөгүлө жаман жолго 33. Жаманга айтылган сөз кулагынын сыртында, жакшыга айтылган сөз жүрөгүнүн бурчунда 34. Жаман атты жакшы баксаң, тулпар болот, күйкөнүн табын тапсаң, шумкар болот 35. Байдан чай ичкенче, жоктон суу ич 36. Жазда жаркып иштеген, жыл бою ырыс тиштеген 37. Алжак кызга жалжак күйөө 38. Жан чыгат, мүнөз чыкпайт 39. Дарыя күчү — өрдү баккан булактан 40. Улууга урмат, кичүүгө ызаат 41. «Нары жат, бери жат» — төшөктүн тардыгы, «сеники, меники» — көңүлдүн тардыгы 42. Өлүмдүн ордун төрөлүш толтурат 43. Жаратылыш жаңылыштыкты кечирбейт 44. Бою кысканын ою кыска 45. Жакшы аял таап сүйлөйт, жаман аял итчесинен каап сүйлөйт 46. Кийимдин жакшысы кир көтөрүмдүү, жигиттин жакшысы сөз көтөрүмдүү 47. Алыс жерге кудаа болсоң, тартынчыктап аш келер, жакын жерге кудаа болсоң, түрдүү ушак сөз келер 48. Аялың менен ажылдашканча, бажаң менен бажылдаш 49. Чөптүн жакшысы да шыбак, жаманы да шыбак, эгиндин жакшысы да арпа, жаманы да арпа 50. Ай караган теке суукка тоңуптур, бай караган ачка өлүптүр 51. Козгунга кудаа болсоң, жегениң тарп болот 52. Адамгерчиликтен чектелгениң, элден ажырап жектелгениң 53. Жакшы аялдын белгиси — же балдай таттуу болот, же туздай ачуу болот 54. Коон жесең — саар же, саар жебесең — заар же 55. Кекчил болгончо, эпчил бол 56. Аялдын жакшысы ашынан, аялдын сулуусу кашынан 57. Алгы ичсең, алынды алат 58. Бөлтүрүгүн уурдаса, бөрү дагы өч алат 59. Жакшылыкка жакшылык, ар кишинин ишидир, жамандыкка жакшылык — эр кишинин ишидир 60. Эки жакшы кошулса, бири-бирин кыйышпайт, эки жаман кошулса, кең дүйнөгө сыйышпайт 61. Ырылдаарсың, каппасың, менден аша чаппасың 62. Жакшы кылсаң — өзүңө, жаман кылсаң — өзүңө, өйдө карап түкүрсөң, кайтып түшөр өзүңө 63. Жер казына, суу алтын 64. Олжону эпчил алат, төлөмөөрөнү мээнетчил алат 65. Жаратылыш байлыгы, жан дүйнөгө дары 66. Жер семизи, мал семизи 67. Жакшылардын талашынан сыр чыгат, жамандардын талашынан чыр чыгат 68. Карга ак куунун актыгыгынан арданыптыр 69. Теректей бой бергиче, теменедей акыл берсин 70. Жердей март да жок, жердей зыкым да жок 71. Эки жаман таарынышса, амандашпайт, эки жакшы таарынышса, жамандашпайт 72. Жаратылыш жаралган, чечилбеген сыр дүйнө 73. Үндөбөгөн үйдө балээден кутулат 74. Жакшы аял байкап сүйлөйт, жаман аял өйдө-ылдый чайкап сүйлөйт 75. Күрүчтүн аркасы менен күрмөк суу ичет 76. Жооштон жоон чыгат 77. Ашкабакты бирөө дарбыз деп жептир 78. Меймандуу үйдө береке 79. Дарактын жемиши көп болсо, шагы ошончо ийилет 80. Март менен коштошпо, наамарт менен достошпо Аягы