Перейти к содержимому

Бишкекте ипотека канча пайыз? Ипотека тууралуу чындык

Айдана Артуровна | Вся правда о недвижимости

0:00 / 0:00

Бишкекте ипотека канча пайыз? Ипотека тууралуу чындык

2 809 просмотров · 1 месяц назад
Айдана Артуровна | Вся правда о недвижимости
139 подписчиков
2 809 просмотров · 1 месяц назад
КЫРГЫЗСТАНДА ИПОТЕКА: ПАЙЫЗДАР КАНДАЙ? Азыркы реалдуу абал мындай: Коммерциялык ипотека боюнча негизги пайыздар сом менен жылына 16–21% тегерегинде. КЫСКАЧА БАНКТАР БОЮНЧА 1. Айыл Банк Пайыз: 16%, эгер өз акчаңыздан биринчи төгүм 30% же андан көп болсо. Эгер биринчи төгүм 30%дан аз болсо — 17%. Мөөнөтү: 120 айга чейин. ЭПС: 17,34%дан башталат. Акция 2026-жылдын 1-мартынан 1-октябрына чейин деп көрсөтүлгөн. https://abank.kg/bankovskie-uslugi-ch... 2. Элдик Банк Пайыз: 16%дан башталат. Сумма: 500 000 сомдон баштап. Мөөнөтү: 10 жылга чейин. Акция боюнча 16% ставка биринчи төгүм 30%дан көп болсо да, 30%дан аз болсо да, ал тургай биринчи төгүм жок болсо да көрсөтүлгөн. ЭПС: 17,21%дан башталат. https://eldik.kg/ru/credits/kredit-na... 3. MBank — “Мой дом” Сумма: 10 млн сомго чейин. Мөөнөтү: 120 айга чейин. Пайыз: биринчи 36 айда 16%. 37-айдан баштап — 19%. Биринчи төгүм: 30%дан башталат. Эгер биринчи төгүм жок болсо, кошумча күрөө талап кылынышы мүмкүн. https://mbank.kg/credits/ipoteka-moj-dom 4. Бакай Банк Классикалык ипотека боюнча сайтта 17%дан башталат деп көрсөтүлгөн. Бул негизинен айлык маяна долбооруна катышкандар үчүн. Продукттун шарттары боюнча: мөөнөтү — 12 жылга чейин, валюта — негизинен сом, биринчи төгүм — кеминде 30%. https://bakai.kg/credits/mortgage/cla... 5. KICB Пайыз: сом менен 18%дан башталат. USD/EUR менен — 12%дан башталат. Сумма: 50 млн сомго чейин же ошол суммага барабар башка валютада. Мөөнөтү: 120 айга чейин. ЭПС: сом менен 21,1%дан башталат. USD/EUR менен — 12,9%дан башталат. https://kicb.net/private/loans/ipotek... 6. Optima Bank Пайыз: сом менен 19%дан башталат. Минималдуу сумма: 50 000 сомдон баштап. Мөөнөтү: 84 айга чейин. Биринчи төгүм: кыймылсыз мүлктүн баасынын кеминде 30%. Сайтта ЭПС ар башка блоктордо 18,63% жана 20,74% деп көрсөтүлгөн. Ошондуктан Optima Bank боюнча сөзсүз кредиттик адистен так эсептетип алуу керек. https://optimabank.kg/ru/for-individu... САТЫП АЛУУЧУЛАР ҮЧҮН МААНИЛҮҮ “Ипотека 15%дан башталат” деген сөзгө эле ишенип албаңыз. Негизги суроолор мындай болушу керек: 1. Жарнамалык пайыз эмес, ЭПС канча? 2. Биринчи төгүм канча: 0%, 20% же 30%? 3. Кошумча күрөө керекпи? 4. Пайыз туруктуубу же 3 жылдан кийин өзгөрөбү? 5. Комиссия, камсыздандыруу, баалоо, нотариус чыгымдары барбы? 6. Кредитти мөөнөтүнөн эрте жапса болобу? Айып пул жокпу? Ипотеканын шарттары бат өзгөрүп турат. Ошондуктан арыз берерден мурун сөзсүз банкка түз кайрылып, актуалдуу пайызды, ЭПСти, комиссияларды, күрөө талаптарын жана сиз тандаган объект ипотекага өтөбү же өтпөйбү — тактап алыңыз. Жогорудагы маалыматтар ачык булактардан алынды Маалымат 2026-жылдын 15-июлуна карата актуалдуу