Перейти к содержимому

“Кош жылдыз” сынагы

ARABAEV UNIVERSITY

0:00 / 0:00

“Кош жылдыз” сынагы

1 594 просмотра · 6 мес. назад
ARABAEV UNIVERSITY
4,18 тыс. подписчиков
1 594 просмотра · 6 мес. назад
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети 21-март — Нооруз майрамына карата өткөргөн “Кош жылдыз” маданий-гуманитардык иш-чарасы жыйынтыкталды. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу максатында Нооруз – улустун улуу күнүнө карата уюштурулуп, ага КМУнун ректору Айгүл Абдраева, окуу иштери боюнча проректору Самат Жумалиев, илим жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, эл аралык коммуникациялар жана инвестициялар боюнча проректору Гүльназ Жалилова, мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, КМУнун бириккен кесиптик бирлигинин төрагасы Назар Догдурбек, университеттин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты. Иш-чаранын жыйынтыгында калыстар тобу тарабынан катышуучулардын сахнадагы чеберчилиги, үн мүмкүнчүлүгү жана образды ачып берүү деңгээли бааланып, гран-прини Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институту, I орунду Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту, II орунду Искусство жана дизайн институту, III орунду Японтаануу институту ээледи.