Перейти к содержимому

ТАШ-КӨМҮР ЖАНА КАРА-КӨЛ ТУРГУНДАРЫ МЕНЕН СУРОО-ЖООП С. ЖАПАРОВ ☝️✅☝️

Учкунбек каналы

0:00 / 0:00

ТАШ-КӨМҮР ЖАНА КАРА-КӨЛ ТУРГУНДАРЫ МЕНЕН СУРОО-ЖООП С. ЖАПАРОВ ☝️✅☝️

5 382 просмотра · 1 дн. назад
Учкунбек каналы
107 тыс. подписчиков
5 382 просмотра · 1 дн. назад
Президент Садыр Жапаров Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын тургундарынын суроолоруна жооп берди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын тургундарынын суроолоруна жооп берди. Жолугушуу учурунда жашоочулар пенсия менен камсыздоо, турак жай шарттары, мүлктүк талаш-тартыштар, соттук териштирүүлөр, эмгек укуктары жана социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгү боюнча маселелерди көтөрүштү. Президент жарандардын кайрылууларын угуп, тиешелүү мамлекеттик органдарга айтылган көйгөйлөрдү изилдеп чыгууну, сунушталган материалдарды объективдүү кароону жана мыйзам алкагында чараларды көрүүнү тапшырды. Ошондой эле турак жай курулушун өнүктүрүү, медициналык тейлөөнү жана спорттук инфраструктураны жакшыртуу маселелери талкууланды. Президент тиешелүү ведомстволорго тургундардын сунуштарын иштеп чыгууну милдеттендирди. Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров калк менен ачык диалог жүргүзүүнүн жана жарандардын көйгөйлөрүнө ыкчам жооп кайтаруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал мамлекеттик органдардын иши адамдарды түйшөлткөн конкреттүү маселелерди чечүүгө багытталышы керектигин белгиледи.