Перейти к содержимому

Шумкар: Кыргызды дүйнөгө уят кылган калпычы Садыр Жапаров

ЭрСыргак

0:00 / 0:00

Шумкар: Кыргызды дүйнөгө уят кылган калпычы Садыр Жапаров

46 348 просмотров · 2 дня назад
ЭрСыргак
10,3 тыс. подписчиков
46 348 просмотров · 2 дня назад
«Санкцияга кирген бир да товарды Орусияга жөнөткөн жокпуз. Кагазда да, иш жүзүндө да.» Садыр Жапаров, Нью Йорк, 21 сентябрь. Эки күн мурун Financial Times жазган: Илан Шордун A7 системасы аркылуу 6,9 миллиард доллар өткөн, анын 3,9 миллиарды КЫРГЫЗСТАНДЫН банктары аркылуу. Эң чоң төлөөчү мамлекеттик «Соода компаниясы», 2,45 миллиард. Президент болсо америкалык ишкерлердин алдында «эч нерсе болгон жок» деди. Эртеси БУУда санкцияны «кийлигишүү куралы» деп атады. Дүйнө угуп отурду. Ушул эфирде ошол сөздү фактыга салып көрдүк. Бул чыгарылышта: New York Times туура эмес жазыптырбы? Азия өнүктүрүү банкы: 2025 жылы өсүш 11 пайыз, анын 40 пайызына чейин реэкспорттон. Евробиримдиктен келген кир жуугуч машиналар 15 эсе көбөйгөн. Кыргыз эли ушунчалык кир жууп калдыбы? Же машиналар ары карай кетип жатабы? Санкциялык товар жок дейсизби? Анда өкмөт өзү майда 50, августта дагы 19 компанияны эмне үчүн жапты? Президент өзү Европа кеңешинин төрагасына 50 компания жабылганын айтып отурду. Бош кутуларды жаптыбы? Эч ким эч нерсе деген жок дейсизби? Евробиримдик 23 апрелде дүйнөдө биринчи жолу бир өлкөгө каршы «айланып өтүүгө каршы курал» колдонду. Ошол өлкө КЫРГЫЗСТАН. Казакстанга жок, Өзбекстанга жок, Арменияга жок. Бизге гана. 31 компания санкцияда, анын ичинде беш банк. Кагазда да, иш жүзүндө да дейсизби? A7 кагазды өзү жасаган: миңдеген мөөр, алмаштырылган коддор, кириллицаны өчүрүүчү программа. 500 түнкү көрүү прибору кагазда «чыңдалган айнек» болуп өткөн. Кагазда айнек болсо, иш жүзүндө эмне болгонун ким текшерди? Экологияны жайлаган президент. Нью Йоркто «мөңгүнү коргойбуз» дейт. Бишкекте мөңгү жөнүндө сураганды камайт. Кемпир Абад боюнча 27 адам 20 ай отурду, БУУ кармоону мыйзамсыз деп тапты. Петров көлүнүн астында Кумтөрдүн 90 миллион куб метр цианиддүү калдыгы. Дамбанын ачык отчету кайда? Министрликтин реестринде 218 лицензия кытайлык компанияларда. Ысык Көлдө саатына 250 чакырым кайык жарышы. Экөөнүн кайсынысына ишенебиз: Нью Йорктогу сөзгөбү же Бишкектеги ишкеби? Өсүш эмнеден дейсизби? Президент: кылмыш жок, коррупция жок, президент уурдабайт. OCCRP: УКМКнын 94 имараты тендерсиз, үй бүлөлүк долбоорлор 137 миллион доллар. Кимге ишенебиз, банктын эсебинеби же трибунадагы сөзгөбү? Жабылган 69 компаниянын тизмеси жарыялансын. Соода компаниясынын 2,45 миллиардынын аудити ачылсын. Санкция боюнча атайын өкүлдүн отчету парламентте угулсун.