Дүйнө калкы жоголууда!
ТЕЛЕСКОП 114
0:00 / 0:00
Дүйнө калкы жоголууда!
91 489 просмотров · 4 дня назад
ТЕЛЕСКОП 114
13,9 тыс. подписчиков
91 489 просмотров · 4 дня назад
Жер шарынын калкы 8.3 млрд. Сыртынан карасаң чынында көп көрүнөт. Бирок көп эмес, аз! Көпчүлүк өлкөлөрдө төрөлүүнүн саны, азаюуда. Жаштардын саны азайып, картайгандардын саны көбөйүүдө. Дүйнө жалпы карып баратат. Бул темп менен кете турган болсо, бир топ убакыттан кийин айрым өлкөлөрдүн улуттары бүтүндөй жоголуп кетиши мүмкүн.
ДҮЙНӨ КАРЫП БАРАТАБЫ?
Негизи бир мамлекеттин калкынын саны азайбай стабилдүү кармалышы үчүн төрөлүүнүн коефициенти эң аз 2.1 болушу керек. Т.а. ар 10 үй-бүлөдө 21 бала, же дагы да тагыраак айта турган болсок ар 100 үй-бүлөдө 211 бала төрөлүшү керек. Кыргызстанда бул көрсөткүч учурда 2.8 б.а. ар бир 10 үй-бүлөдө 28 бала төрөлөт. Бирок кубанбай туруңуз, бул статистиканы алдыда талкуулайбыз. Дүйнөдөгү 195 өлкөнүн үчтөн эки бөлүгү бул норма болгон 2.1 деңгээлинен төмөндөп кетти. Ал эми 66 өлкөдө бул көрсөткүч бирге жакындап, айрым мамлекеттерде нөлгө жакындап калды. Айрыкча Европа, Чыгыш Азия, түштүк жана түндүк америка сыяктуу экономикасы өнүккөн өлкөлөрдө төрөлүүнүн коефициенти өтө төмөн. Ал эми Арап, Африка жана Азиянын айрым өлкөлөрүндө, Түркистанда тескерисинче бул көрсөткүч дагы деле жогору. Мисалы төрөлүүнүн коефициенти төмөн өлкөлөрдүн айрымдары; Кытай, Япония, Италия, Испания, Түштүк Корея. Ооба төрөлүүнүн коефициенти
Кытайда 1.3
Японияда 1.3
Италияда 1.1
Испания 1.1
Түш. Кореяда 0.7