Перейти к содержимому

Мезгил жана мейкиндик - Иман Кыдыралиев

Иман Кыдыралиев

0:00 / 0:00

Мезгил жана мейкиндик - Иман Кыдыралиев

172 просмотра · 4 недели назад
Иман Кыдыралиев
296 подписчиков
172 просмотра · 4 недели назад
ИМАН КЫДЫРАЛИЕВ - МЕЗГИЛ ЖАНА МЕЙКИНДИК Тарыхтын бир барагы артка жабылат, аалам шамы өчүп, кайра жагылат. Эгер болсо башталышы мезгилдин, кетип барат дагы бир аз нарылап. Булак суусун дарыянын шары улап, кадимкидей тирлигинде табият. Туткундары чырмалышкан тагдырдын, түйшүктүү эл кор тирликте агылат Бирөөсүнүн көзүнөн жаш тамчылап, алаканы муштум болуп каршыгат. Дагы бироо арман айтат ар жерде укчу бироо кай жактадыр барчылап. Да бирөөнүн эзелки откон иши үчүн, эмдигиче эт жүрөгү жанчылат. Түгөнбөгөн түйшүк жүктөп жонуна, келет дале, келет дале ал чыдап. Күндү айларга, айды жылга дагы улап, үмүт келет алга сүрөп ар убак. Бүгүн мындай, а эртеңки белгисиз, ким тагдырдын кай жүзүнө кабылат. Неге толкун бизге каршы урулат, мезгил үнү неге муңдуу угулат. Жараткандын эч кемтиксиз ааламы, неге бизге мынча азаптуу туюлат. Себеп бирөө, сен билесиң адамзат, ар нерсени ала албаган адалдап. Жараткандын эркинде эгер барбасак, бардык аалам бизге каршы, бизге жат. Болбош үчүн бардык аалам бизге жат, бербеш үчүн бар жашообуз бизге азап, Чындык бирөө, ага жетчү жол бирөө, көп кечикпей ошол жолду издеп тап. Тарыхтын бир барагы артка жабылат, аалам шамы өчөт, кайра жагылат. Эгер болсо башталышы мезгилдин кетип барат дагы, дагы нарылап.