Перейти к содержимому

НООКАТТА: ИШ БАР, КӨЙГӨЙ ДА БАР

САРЕСЕП МЕДИА

0:00 / 0:00

НООКАТТА: ИШ БАР, КӨЙГӨЙ ДА БАР

635 просмотров · 2 дня назад
САРЕСЕП МЕДИА
514 подписчиков
635 просмотров · 2 дня назад
Ноокатта шаарды жаңылоого багытталган иштер күч алууда. Акыркы убакта шаардын бюджети 95 млн сомдон 120 млн сомго чейин өстү. Бул каражаттын эсебинен социалдык объектилерде да бир катар иштер аткарылууда. Крупская атындагы мектепте 11,3 млн сомго заманбап спорт комплекси курулуп, окуучулар үчүн футбол, волейбол, баскетбол жана чуркоо аянтчалары түзүлдү. Курманжан Датка атындагы бала бакчада 4,5 млн сомго балдар ойной турган аянтча жаңыланууда. Ошол эле учурда шаарда чечилишин күткөн маселелер да бар. Алардын бири — тазалык тармагындагы техниканын жетишсиздиги. Муниципалдык ишканада эскилиги жеткен техникалар бар, ал эми атайын гараж жана ремонттук база жетишсиз. Шаарга кошумча мусоровоздорду алуу жана тазалык кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча иштер жүрүп жатат. Шаардагы өзгөрүүлөрдү тургундар да белгилешүүдө. Бирок Ноокаттын мындан аркы өнүгүүсү жаңы долбоорлор менен катар күнүмдүк көйгөйлөрдүн канчалык тез чечилишине да байланыштуу. Ноокат бүгүн: өзгөрүү бар. Эми негизги суроо — бул иштер шаар тургундарынын күнүмдүк жашоосуна канчалык таасир берет?