Перейти к содержимому

Ташиев: Раим Матраимов 200 млн доллар төлөп, анан камактан чыкты

Turmush

0:00 / 0:00

Ташиев: Раим Матраимов 200 млн доллар төлөп, анан камактан чыкты

2 687 просмотров · 1 год назад
Turmush
446 тыс. подписчиков
2 687 просмотров · 1 год назад
Депутат Балбак Түлөбаев («Ынтымак») Жогорку Кеңештин 14-ноябрдагы жыйынында Райым Матраимовдун абактан чыгышы боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге суроо узатты. Коомчулукта Райым Матраимов эмнеге чыгып кетти, бюджетке бир нерсе төлөдүбү, же ушундай эле боло береби деген суроо туулуп жатат. Райым Матраимов кыргыз мамлекетинин бюджетине 200 млн доллар акча төлөп, анан чыкты. 200 млн доллар! Бул 2 млн доллар же 20 млн доллар эмес. Бул жерде бизнес кылган депутаттар 200 млн доллар эмне деген акча экенин жакшы билет. Бул сом менен алганда 17 млрд сом. Буга чейинкисинде 2,5 млрд төлөгөн. Ошону менен 19,5 млрд сом акча төлөдү. Анын бардыгын накталай төлөгөн жок. Аны мүлк менен да төлөдү. Бирок төлөгөн мүлктөрүнүн баарын экспертизадан өткөрүп, баалап, анан арзан баада кылып алдык», - деди Ташиев.