Уулдан улук,кыздан кымбат келин
KALEM
0:00 / 0:00
Уулдан улук,кыздан кымбат келин
14 562 просмотра · 1 месяц назад
KALEM
28,9 тыс. подписчиков
14 562 просмотра · 1 месяц назад
«Уулдан улук, кыздан кымбат келин» — күйөөсү каза болгондон кийин 83 жаштагы кайнатасын жалгыз багып калган Айжаркын аттуу мугалимдин окуясы. Кайнатасына кам көргөндүктөн мектепке кээде кечигип келген Айжаркынды директор жумуштан бошотууга аракет кылат. Бирок райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы анын чыныгы абалын билип, чечимин өзгөртөт.
Айжаркындын кайнатасын өз атасындай көрүп, мээрим менен багып жатканы айылга да белгилүү болуп, эл анын адамгерчилигин жогору баалайт. Кийин ага мамлекеттик сыйлык тапшырылат. Бирок Айжаркын үчүн эң чоң сыйлык — кайнатасынын аны «кызым» деп атаганы болот.
Негизги идеясы: чыныгы келиндик — жөн гана милдет эмес, мээрим, адамгерчилик жана кыйын учурда үй-бүлөсүнө тирек боло билүү.
Мындай келиндер миңден бири гана болсо керек. Директордун аракети туурабы, же мугалим жумушун ташташы керек беле? сиздин оюңуз маанилүү, жаза кетиңиз.