23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара
AIU TV
0:00 / 0:00
23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара
2 015 просмотров · 2 года назад
AIU TV
2,22 тыс. подписчиков
2 015 просмотров · 2 года назад
#AIU #ALATOO
Кыргыз тили - биз үчүн бийик ордуң
Ала-Тоодой ар дайым бийик болгун
2023-жылдын 28-сентябрында АЭУнун Факультеттер аралык мамлекеттик предметтерди окутуу кафедрасы тарабынан уюштурулган мамлекеттик тил майрамына арналган “Кыргыз тили - биз үчүн бийик ордуң, Ала-Тоодой ар дайым бийик болгун” аттуу иш-чарасы болуп өттү.
Майрамдык иш-чара АЭУнун ректору Жылдызбек Жакшылыковдун куттуктоо сөзү менен башталып, ал кыргыз тилинин маанилүүлугүн баса белгиледи. Төкмө акын Турат Жумаев мамлекеттик тилдин баркын жана баалуулугун ырга салып, студенттерди кыргыз тилин барктай билүүгө чакырды.
Иш-чара кыргыз улуттук бийи, кызыктуу оюндар, комуз, чопо чоор ансаблинин аткаруусунда кыргыздын белгилүү күүлөрү жаңырып, кыргыз эстрадасынын жылдызы Султан Садыралиевдин жандуу ырлары менен коштолду.
Уюштуруучуларга кызыктуу майрамдык иш-чара үчүн ыраазычылык билдиребиз!