Перейти к содержимому

Ажырашуулар эмнеге көбөйдү? | Калысбек Заманбеков | Zaman Podcast

Zaman podcast

0:00 / 0:00

Ажырашуулар эмнеге көбөйдү? | Калысбек Заманбеков | Zaman Podcast

175 264 просмотра · 4 мес. назад
Zaman podcast
57,4 тыс. подписчиков
175 264 просмотра · 4 мес. назад
Бүгүнкү Заман подкастыбыздын кезектеги коногу “Аль-Азхар” Ислам университетинде докторантура багытында илим алып жаткан, коомдук, диний ишмер, Чубак ажы устазыбыздын шакирти Калысбек Заманбеков устазыбыз. Ар бир подкастта коомубузга пайдалуу, актуалдуу болуп жаткан маселелерди көтөрүп, биздин көрүүчүлөргө дайыма пайдалуу маек сунганы аракет кылабыз. Бүгүн дагы устазыбыз менен төмөнкү багыттарда маек курдук: Динге болгон кызыгуусу кайдан пайда болду жана азыр кайсы багытта илим алып жатат. Эмне үчүн мазхаб карманышыбыз керек? Үй-бүлөлөрдө жубайлар кандай көйгөйлөргө кездешет жана аларды кантип чечсе болот. Бала тарбиялоодо эмнелерге көңүл бурушубуз керек. Үй-бүлөсүн калтырып, чет өлкөгө акча тапканы кеткен учурларда эмнеге көңүл буруш керек. Жаш жубайлар ата-энеси менен жашаш керекпи. Канткенде адам бактылуу болот? Ар бир мусулман канчалык деңгээлде илим алыш керек. Чубак ажы устазыбыз тууралуу. Китептер тууралуу, кандай жашоого таасир берет жана кайсы китептер окууга сунушталат. Ушул жана башка маселелер боюнча маектешүүнү подкастыбыздан көрө аласыздар. Бул подкастыбыз ар бир мусулманга пайдалуу болуп, өзгөчө жубайлар үчүн дагы көбүрөөк пайдалуу болуп, көптөгөн үй-бүлөлөрдүн бекемделишине, сакталышына жана коомубузда көп бактылуу адамдардын болушуна себеп болот деп үмүт кылабыз. Бул подкастты башкалар менен бөлүшүп коюңуздар. Пайдалуу иштерге баарыбыз жардамчы бололу. Таймкоды: 0:00 – Тизер 01:33 – Башталышы 02:30 – Окуусу, илим алуу жолу тууралуу 05:55 – Эмне үчүн мазхаб карманышыбыз керек? 08:13 – Динге болгон сүйүүсү кантип пайда болду 10:42 – Үй-бүлөлөрдө эң көп кездешкен көйгөйлөр кайсы 15:13 – Балдарга кантип руханий баалуулуктарды бере алабыз 17:38 – Бала тарбиялоодогу ыкмалары 23:30 – Пайгамбарыбыз (САВ) үй-бүлөсүнө, балдарына кандай мамиле кылган 30:55 – Балдарыбызды келечектин жашоосуна даярдаш үчүн эмне кылыш керек 32:53 – Кек сактоо жана капа болуунун үй-бүлөгө таасири 40:40 – Үй-бүлөсүн таштап, четке акча тапканы иштеп кеткендер тууралуу 44:50 – Жубайлардын ортосундагы сүйүү өчүп калса 48:16 – Баланын ата-энесине кылган мамилеси тууралуу 54:32 – Кайнене-келин маселеси 59:33 – Жаштар туура багытынан жаңылбаш үчүн 1:02:38 – Динибизде сапарга көп чыккыла деп келет 1:05:00 – Ар бир мусулман канчалык деңгээлде илим алыш керек 1:08:40 – Дин жана дүнүйө ортосундагы балансты кантип сактайбыз 1:12:28 – Канткенде адам бактылуу болот? 1:15:50 – Интернет аркылуу гана динди үйрөнсөк болобу 1:20:30 – Чубак ажы жөнүндө 1:27:12 – Сунуштаган китептери 1:37:50 – Шайтандын азгырыктарына кантип туруштук беребиз 1:42:21 – Жыйынтыктоо Каналга катталып, жакындарыныз менен белушуп, жакшы ишке салым кошунуз. Сиздерди терен урматтоо менен подкасттын алып баруучусу Денис Пышкин жана Нурсултан Майназаров болду. Production: Antares Creative Group antares_group Биздин Instagram: denis_ajy nursultan_mainazarov zaman_podcast