Уурудан калганын каракчы тоногондой болду/ "Дөөлөт курулушта" мукураган эл президентке кайрылды
Эламан Карымшаков
0:00 / 0:00
Уурудан калганын каракчы тоногондой болду/ "Дөөлөт курулушта" мукураган эл президентке кайрылды
7 549 просмотров · 4 часа назад
Эламан Карымшаков
141 тыс. подписчиков
7 549 просмотров · 4 часа назад
"Дөөлөт курулуштун" турак жайларын бүткөрүүдөгү жаңы шарттар үлүшчүлөрдү убайымга салды. Өткөн жумада Курулуш министри Нурдан Орунтаев жаңы баа чарчы метрине 920 доллар, төлөө мөөнөтү 3 жыл деп бекитилгенин билдирди. Мурда алар 750 доллардан 10 жылга алышкан. Жаңы шартта төлөй албай турганын айткан үлүшчүлөр кайра чогулду.
"Бул жактан эптеп үйгө жетсем деген адамдар алган. Азыр баасын көтөрүп, 3 жылга бөлүп койду 40-50 миң маянага иштегендер айына 100 миң сомдон кантип төлөйт? "Төлөй албасаңар баш тарткыла башкаларга сатабыз" дейт. Бизди үйсүз калууга мажбурлап жатышат. Ушул кантип болсун. Мындай акчабыз болсо ошондо эле башка компаниялардын алып алмакпыз да. Мамлекетке өттү эми бизге жардам берет экен десек кайра кыйын абалга салышты. Уурудан калганын каракчы тоногондой болду", — деп арызданышууда.
Үй алам деп мукурагандар президент Садыр Жапаровго кайрылып, элди ойлоп баасын арзандатып, төлөө мөөнөтүн 5-6 жылга узартып берүүнү суранышты. Ошондой эле бул жерде 2000ден ашуун үй-бүлөнүн тагдыры турганын белгилешти.
Эске салсак, "Дөөлөт курулуш" компаниясы үйлөрүн кура албай калгандыктан үлүшчүлөр арызданып, ага президент кийлигишкен. Натыйжада мамлекетке алынып, турак жайларды Курулуш министрлиги бүтүрүп бермек болгон. Учурда кытайлык компания инвестор катары кирип куруп жатат.