КҮЙДҮМ ЧОК - Зайнидин Иманалиев | Улуу Мурас #60
Улуу Мурас
0:00 / 0:00
КҮЙДҮМ ЧОК - Зайнидин Иманалиев | Улуу Мурас #60
20 643 просмотра · 5 мес. назад
Улуу Мурас
18,6 тыс. подписчиков
20 643 просмотра · 5 мес. назад
Сөзү, обону: Атай Огонбаевдики
Аткаруучу: Зайнидин Иманалиев
Күйдүм, күйдүм, күйдүм чок,
Күйдүм десем түтүн жок.
Жүрөгүмдүн башында,
Жүгөрүдөй бүтүн жок.
Кан-Жайлоо деген бийик бел,
Ошого,
Кар жааса согот муздак жел.
Кайырма жака, кош этек,
Кадырды билсең өзүң кел.
Боз теректей бүрдөнүп,
Жүрөсүң сен,
Боз жоолук салып түрлөнүп.
Болжолун таап жете албай,
Ал мен жүрөм,
Боздогон тайлак өңдөнүп.
Ак теректей бүрдөнүп,
Жүрөсүң сен,
Ак жоолук салып түрлөнүп.
Айылыңды таап жете албай,
А мен жүрөм,
Адашкан тайлак өңдөнүп.