КЫРГЫЗЧА АСМР 🎧 | KYRGYZ ASMR | Таанышуу, ASMR дүйнөсү жана биздин алгачкы кадамдарыбыз 🌙
Кыргыз асмр🇰🇬
0:00 / 0:00
КЫРГЫЗЧА АСМР 🎧 | KYRGYZ ASMR | Таанышуу, ASMR дүйнөсү жана биздин алгачкы кадамдарыбыз 🌙
926 просмотров · 13 дн. назад
Кыргыз асмр🇰🇬
162 подписчика
926 просмотров · 13 дн. назад
Салам, кымбаттуу көрүүчүлөр! 🤍
SANARIP ASMR каналынын алгачкы видеосуна кош келиңиздер! 🎧✨
Бул — биздин эң биринчи видеобуз. Бул видеодо сиздер менен жакындан таанышып, ASMR деген эмне экенин, анын түрлөрүн, тарыхын жана адамга кандай таасир бере аларын сүйлөшөбүз.
Ошондой эле кыргызча ASMR дүйнөсү, каналыбыздын келечектеги пландары, колдонуп жаткан жабдыктарыбыз жана алдыда тартууну каалаган видеолорубуз тууралуу бөлүшөбүз.
Азырынча бизде профессионалдык студия, кымбат микрофон же атайын жабдыктар жок. Бирок эң негизгиси — каалоо, чыгармачылык жана силерге жагымдуу ASMR атмосферасын түзүүгө болгон аракетибиз. 🤍
Бул биздин башталышыбыз гана. Алдыда сапатыбызды жакшыртып, жаңы форматтарды сынап, кыргыз тилиндеги ASMR дүйнөсүн дагы да өнүктүрүүгө аракет кылабыз.
🌙 Бул биздин биринчи видеобуз болгондуктан, силердин колдооңор биз үчүн абдан маанилүү!
Видеону жактырсаңыздар ❤️ басып, каналыбызга катталып, комментарийге өз ойлоруңуздарды жана кайсы ASMR видеолорун көргүңүздөр келерин жазып кетсеңиздер, биз абдан кубанабыз.
Силерге жагат деп чын жүрөктөн үмүттөнөбүз. 🤍🎧
⏱️ Таймкоддор:
00:00 — Таанышуу, учурашуу
02:31 — ASMR боюнча анализ жана ой
10:07 — Алдыдагы пландар жана жабдыктар жөнүндө
12:42 — Донат / колдоо
15:20 — ASMR боюнча лекция жана түшүндүрмө
58:33 — Жеке ой
66:33 — Канал боюнча
69:43 — Коштошуу