Перейти к содержимому

Шашып казып жибердик эле, тротуар өзү көчтү/ Жолду жеп кеткен компания жооп берди

Эламан Карымшаков

0:00 / 0:00

Шашып казып жибердик эле, тротуар өзү көчтү/ Жолду жеп кеткен компания жооп берди

52 275 просмотров · 2 месяца назад
Эламан Карымшаков
138 тыс. подписчиков
52 275 просмотров · 2 месяца назад
Буга чейин Ош шаарында үйгө котлован казып жолду жеп кетиптир деп чыгарганбыз. Андан соң биз менен "Ак кайың" курулуш компаниясынын өкүлү Муктарбек Турдубеков байланышып эмнеге мындай болгону тууралуу жооп берди. Анын айтымында, тротуардын чекесинен 1 метр калтырып казышкан, ошого карабай көчүп кеткен. Бирок биз тарткан кадрларда тротуардын кырынан казганы көрүнүп турат. Эгер ары жактан 1 метр калтырса, троуар 1,5 метр болсо 2,5 метр жер тегиз көчүп кетпейт да. Ошондой эле ал курулушка уруксат кагаздарын албай туруп, шашып казып жиберишкенин моюндады. Муну Курманжан датка көчөсу асфальтталганга чейин грунтту чыгарып кетели дегенбиз деп түшүндүрду. Турдубеков компания жолду калыбына келтирүү милдеттемесин алганын белгиледи. Курулушка уруксат кагаздары берилсе, котловандын бетонун куйганча түздөп кетерин айтты.