УУРДАЛЫП КЕТКЕН ТӨҢКӨРҮШ!
ЭрСыргак
УУРДАЛЫП КЕТКЕН ТӨҢКӨРҮШ!
21 432 просмотра · 4 дня назад
ЭрСыргак
5,28 тыс. подписчиков
21 432 просмотра · 4 дня назад
Акыркы 2020-жылдагы элдик төңкөрүшкө бүгүнкү күнгө чейин аныктама бериле элек, анткени ал уурдалып кетти. Даяр оокатка келип алып, элдин башын айлантып, бизди курулай убадалары менен алдап кеткен ким? Ооба, ал — Садыр Жапаров. Кыргыздын кең пейилдигин, кыргыздын марттыгын колдонуп, калпынын баарын ышкыртып айтып, баарыбызды алдады.
Бир четинен өзүбүзгө эле сооп. Экинчи жагынан: "Элди адилеттүү башкарам, көптү көрдүм, кыйратам, баарыңарды алтын аяктан аш жедирип байытам" — деп чоң эле адам калың элдин алдына чыгып алып кыйкырып жатса ишенет экенсиң да. Бул кечээ эле болгон окуя, баарыбыздын эсибизде. Калың элдин алдында баары эмнеден башталганын айтып бердим. Сыймык Жапыкеев феномен болуп, саткын Сокенин бийлигине каршы, өлкөнү басып алган ууруларга каршы "Чоң Казат" менен жортуул жасап, элге таанылып, элге чындыкты жеткизип, өз келечегине кайдыгер эмес эр азаматтар, кыз-сайкалдар менен чогулуп кыңыр бийликти төңкөрдү десек калп болбойт.
Садыр абабыздын ниети башка экен да, адилеттүүлүк эмес эле кызыл террор алып келди. Чындыкты айтканды кой, жөн эле өз пикириңди билдирсең түрмөгө камалып жаткан заманда жашап жатабыз. Канча адамдын тагдырына балта чабып, чыркыратып эле түрмөгө камап, калың элге, коомубузга террор киргизди. Бирок абам бир нерсени эске албай калганы өкүнүчтүү. Калп менен эл башкарылбайт, калпычы эч жарыбайт!
Кыргыздын көкүрөгүндө Манас атабыздын руху жатат, биз эч качан зөөкүрлүккө чыдабайбыз. Мына, байма-бай чындык чыкты, калың эл ойгонуп, өз укугун коргоп, бийликтен отчёт талап кылчу маал келди. Кыргызстаныбыздын туулган күнүн жылдырып, билим күнүн жылдырып, бийлик эл менен эсептешпей турган кербези. Калп баары бир ачыкка чыгат деген ушул экен да, мындан кийин окуялар бат эле болот.