Перейти к содержимому

Мыктыбек Оролбай уулу: UFC'нин чемпиону менен мушташкым келет

Turmush

0:00 / 0:00

Мыктыбек Оролбай уулу: UFC'нин чемпиону менен мушташкым келет

9 316 просмотров · 18 часов назад
Turmush
446 тыс. подписчиков
9 316 просмотров · 18 часов назад
Кыргызстанда аралаш мушташтын өкүлдөрү көп. Анын менен кошо дүйнөнүн биринчи делген мушташ уюму менен келишим түзгөн кыргызстандык спортчулардын да катары калыңдап бара жатат. Алардын бири – Мыктыбек Оролбай уулу. Мыктыбек Оролбай уулу 1998-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунун мурдагы Кызыл-Суу, азыркы Ынтымак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Суу айылында туулган. Мектептин аталган айылдагы орто мектептен аяктап, 2016-жылы Оштогу окуу жайлардын бирине тапшырып, жогорку билим алган. Оролбай уулунун өзүнүн айтымында, 2016-жылдын 2-сентябрынан баштап спорттун күрөш, бокс жана аралаш уруш түрлөрү менен машыга баштаган. Ошентип, ар түрдүү деңгээлдеги аралаш уруш беттештерине түшүп жүрүп, бүгүнкү Мыктыбек калптанган. Спортчу UFC менен келишим түзгөнгө чейин 12 беттеш өткөргөн. Аталган уюм менен келишим түзгөндөн кийин 7 беттеш өткөрүп, анын бешинде жеңип, эки жолу утулуп калган. Мушкер Turmush басылмасы менен маек куруп, спорттогу ийгиликтери, келечектеги пландары жана дүйнөнүн алдыңкы уюму жөнүндө айтып берди.