БАЙГЕЛҮҮ АКЫНДАР БИР ЖЕРДЕ: АЙТЫШТЫН ЖҮРҮШҮ ЖАНА ӨНӨР ТУУРАЛУУ АЧЫК МАЕК. 2- БӨЛҮМ
N-GROUP и KUTMAN SADYBAKAS
0:00 / 0:00
БАЙГЕЛҮҮ АКЫНДАР БИР ЖЕРДЕ: АЙТЫШТЫН ЖҮРҮШҮ ЖАНА ӨНӨР ТУУРАЛУУ АЧЫК МАЕК. 2- БӨЛҮМ
9 779 просмотров · 9 часов назад
N-GROUP и KUTMAN SADYBAKAS
9 779 просмотров · 9 часов назад
2026-жылдын 27-июнунда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн «Ар кыргыз болсун өргөлүү - акындын калсын өнөрү» аттуу республикалык төкмө акындардын айтышы өлкөнүн маданий турмушундагы эсте калаарлык иш-чара болуп калды.
Айтыш толугу менен бул шилтемеде:
https://www.youtube.com/live/0C3LqZfcdHQ
Айтышты уюштурган «N Group» курулуш компаниясы төкмө акындарга айтыштан кийинки ой-пикирлери менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Бул жолку чыгарылышта байгелүү орунду ээлеген Нурайым Бактыяр кызы жана атайын сыйлыктын ээси Нурсултан Абдыкеримов жаштык жалын менен кызыктуу дил маек куруп беришти.
Кыз-жигит айтышын тартуулаган төкмөлөр Айтышты уюштуруудагы өзгөчөлүктөр, жеке чыгармачылыктарына тийгизген оң таасири, андан алган чыгармачылык шык, дем тууралуу баяндашты.
Нурайым Бактыяр кызы менен Нурсултан Абдыкеримовдун айтышы төмөнкү шилтемеде:
• Нурайымдын жообу залды дүрбөттү! Нурсултан...
Сахна артындагы даярдык-толкундоолору, устат шакирт мамилеси, өнөктөш акын менен кызматташуу сыяктуу чыгармачылыктагы урунттуу учурлар боюнча пикирлерин айтышты. Жаңы аудиторияга, жаштарга айтыш өнөрүн жеткирүүнүн мааниси жана жаштардын улуттук маданиятка кызыгуусу тууралуу ой бөлүштү.
Бул маек төкмө акындардын чыгармачылыгы менен гана эмес, улуттук сөз өнөрүн сактап, аны өнүктүрүүгө кошкон салымы, дарамети менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк берет.
Маекке катышкандар:
• Лунара Мамытова, «N Group» ККсынын башкы директору
• Кутман Садыбакасов, төкмө акын
• Нурсултан Абдыкеримов, төкмө акын
• Нурайым Бактыяр кызы, төкмө акын
Айтыш «N Group» холдингинин колдоосу менен уюштурулду.
“N Group” курулуш компаниясы улуттук маданиятты, руханий мурастарды, өнөр адамдарын колдоо – өлкөнү өнүктүрүүгө кошкон салым деп эсептейт.
Төкмөлүк өнөр муундардан муунга өтүп, улуттук мурасыбыз кылымдарды карытсын!
00:00:00 - Маектин башталышы
00:04:29 - N GROUP компаниясы эмне максатта акындарга назар салды?
00:07:03 – Нурсултан Абдыкеримов : Айтышты түлөө катары кабыл алдым
00:09:56 – Лунара Мамытова : Эң башкы максат – маданий мурастарды колдоо, жайылтуу
00:14:45 – Айтышта жылдызы жанган Нурсултан : Катышып калганыма кубанычтамын
00:17:08 - Нурайым Бактыяр кызы : элдин батасын алдым
00:19:50 – Устат тууралуу эки ооз сөз
00:22:55 – Акындар : N GROUP акындарга өзгөчө сый мамиле кылды
00:26:01 – Лунара Мамытова : Атам акын болгон, чыгармачыл чөйрөдө чоңойдум
00:30:27 – Кеп – кийимде эмес, ойдун улуулугунда
00:33:03 – Кыз-жигит айтышынын чеберлери жаштыгын кандай өткөрдү?
00:37:12 – Лунара Мамытова : кайда болбосун, адамга мамиле жогорку деңгээлде болушу керек
00: 40: 24 – Төкмөлүк өнөр жан багуубу же жан байытуубу?
00:44:10 – Канткенде төкмөлүктү сактап калабыз?
00:45:06 – Устаттык – бул өзүнчө касиет
00:46:00 – Сахнадагы “сүфтү” Нурсултан жашоодо да колдонобу?
00 :47: 09 – Кыз-келиндерге төкмө акын болуу оорбу?
00:48:57 – Нурайым : азыр акындыктын гүлдөгөн доору
00:50:30 – Сахна артындагы даярдыктын, чыгармачылык изденүүнүн сырлары
00:58:54 – Нурсултан : Бул Айтыш мен үчүн акжолтой болду
01:00:37 – Айтыштарда кол ийрисине тарткан учурлар болобу?
01:06:20 - Акындар : N GROUP өткөргөн айтыштын жыйынтыгына ыраазыбыз
01:08:21 – Кыз жигит айтышы : сахнадагы сезимдер чынбы?
01:12:57 – Кутман Садыбакасов : Айтышта кыздар менен кырчылдашып айтышпайбыз
01:14:11 - N GROUPтан дагы кандай маданий иш-чараларды күтөбүз?
01:16:42 – Айтыш жаштар үчүн да кызыктуу болсо...
01:20:09 – Манасчылык менен төкмөлүк өнөрдүн байланышы
01:28:15 – Маектин жыйынтыгы : Нурсултан акындын төккөнү
01:33:15 - Маектин соңу
#N_Айтыш #Айтыш2026 #NGroup_Айтыш #Айтыш #ТөкмөАкындар #Кыргызстан #NGroup