Перейти к содержимому

Жаныш Кочкоров - Арзуу жыты

MURAS MUSIC

0:00 / 0:00

Жаныш Кочкоров - Арзуу жыты

14 524 просмотра · 4 месяца назад
MURAS MUSIC
18,8 тыс. подписчиков
14 524 просмотра · 4 месяца назад
🎵 Muras Music — Сезимдер үнү шаңшыган мейкиндик Бул YouTube канал сизге жүрөккө жакын, эргүү тартуулаган ретро чыгармаларды тартуулайт. Бул жерден унутта калып бараткан кыргыз обондору, көөнө көркөм өнөрдүн кайталангыс кайрыктары орун алат. 🎶 Биздин максат - кыргыз маданиятын, улуттук музыкалык мурастарды дүйнөлүк угармандарга жеткирүү. 📌 Каналда жарыяланган бардык чыгармалардын укуктары тиешелүү авторлорго жана укук ээлерине таандык. 🎵 Muras Music — пространство, где звучат чувства Этот YouTube-канал предлагает душевные, вдохновляющие ретро-произведения. Здесь собраны забывающиеся кыргызские мелодии и уникальные мотивы традиционного искусства прошлого. 🎶 Наша цель — донести кыргызскую культуру и национальное музыкальное наследие до мировой аудитории. 📌 Все произведения, опубликованные на канале, принадлежат соответствующим авторам и правообладателям. 🎵 Muras Music — a space where emotions resonate This YouTube channel offers heartfelt and inspiring retro music. Here you will find forgotten Kyrgyz melodies and unique motifs of traditional artistic heritage. 🎶 Our goal is to share Kyrgyz culture and national musical heritage with a global audience. 📌 All works published on the channel belong to their respective authors and copyright holders. 🤝 Кызматташуу жана байланыш үчүн/ Для сотрудничества и связи / For collaboration and contact: Instagram — @muras_media_kg #Мурас #Ретро #ЭскиЫр #Muras #Music #Kyrgyz #Retro Сөзү: Каныбек Иманалиев Обону: Жаныш Кочкоров Ажайып деп, тоонун гүлүн искегем, Арзуу жытын неге мурда сезбегем? Ушунча жыл өмүр сүрбөй кур бекер, Балким, сенин жытыңды гана издегем. Алыс кетсем илебиңди сагынам, Ооруп калып, жытың тапсам айыгам. Сен жыттанган шамал уруп турса деп, Мен ичимден табияттан жалынам. Махабат сен бүр жыт болуп көрүңдүң, Бир укмушун сүрүп жатам өмүрдүн. Бүт баарына тилеп жалаң жакшылык, Келет сага айкөл болуп көрүнгүм. Мындай жытты кызганышар арчалар, Арзуу жытын сезбей өтөт канчалар. Көз жумарда не деп сүйлөйм билбеймин, Жытыңды искеп, анан, мүмкүн, жан чыгар. Торгой өңдүү тоо гүлдөрүн эңсегем, Жытыңды издеп жолго чыгам күндө мен. Сендей жакшы жолукса да жашоомдо, Сендей жытты таба албасмын дүйнөдөн. Сендейди мен таба албасмын дүйнөдөн.