Перейти к содержимому

СЕН МУЗЫКА ".Сөзү:Дарийка Жалгасынованыкы, Обону АБДЫКУЛАН МАШАЕВдики, Автордун аткаруусунда!

АРУУ-НУР ТВ

0:00 / 0:00

СЕН МУЗЫКА ".Сөзү:Дарийка Жалгасынованыкы, Обону АБДЫКУЛАН МАШАЕВдики, Автордун аткаруусунда!

616 просмотров · 3 дня назад
АРУУ-НУР ТВ
247 тыс. подписчиков
616 просмотров · 3 дня назад
Сен музыка,жан дүйнөмдү козгойсуң, Сезим ойноп,наздандырып коштойсуң. Өмүр бою шериктешим Музыка, Музыка, Жүрөгүмө тузак салган окшойсуң. Жүрөгүмө тузак салган окшойсуң. Кээде мени эркелетип сүйөсүң, Бирде шайыр,бирде назик мүнөзүң, Кыялдардын ой-кырына чыгарып,чыгарып, Өмүрүмө- өмүр кошкон бир өзүң. Өмүрүмө-өмүр кошкон бир өзүң. Сени менен канат байлап учамын, Сени менен бүт дүйнөгө сызамын. Сенин мукам, музаларым сагынып,сагынып, Жарым саат укпай калсам кусамын. Жарым саат укпай калсам кусамын. Достошконсуң менин бала чагымда, Кайда жүрсөм болдуң менин жанымда. Жаштык бердиң,шаттык берген Музыка,Музыка, Жерде жашоо,элде жашоо барында. Жерде жашоо,элде жашоо барында. МУЗЫКА! Жерде жашоо,элде жашоо барында!