Исирадин Аманбаев — Нестан — Дарежан
АРУУ-НУР ТВ
0:00 / 0:00
Исирадин Аманбаев — Нестан — Дарежан
8 949 просмотров · 4 месяца назад
АРУУ-НУР ТВ
250 тыс. подписчиков
8 949 просмотров · 4 месяца назад
Кечип таштап даңктан, атактан,
Келечегин издеп бараткан.
Кайгылуу шер дүйнө кыдырат,
Кайдасың сен, Нестан-Дарежан?Нестан-Дарежан?Нестан-Дарежан?
[Chorus]
Ак сүйүүнүн дайрасын кечип,
Азап-кайгы жүрөктү эзип.
Алоолонуп күйүп баратам,
Ан ансайын сүйүп баратам.
Аялзаттан башкача сезип…
[Verse 2]
Тоскоол мага боло албаган,
Тоңгон музду ызгаар Бадахшан:
Тоону тешип өтөм сен үчүн,
Тосуп чыкчы, Нестан-Дарежан.Нестан-Дарежан.Нестан-Дарежан.
[Chorus]
Махабаттын дайрасын кечип
кумарланып жүрөктү эзип
Алоолонуп күйүп баратам,
Ан ансайын сүйүп баратам.
Аялзаттан башкача сезип…
Verse3
Күнү-түнү чыкпай санаамдан,
Күйгөн шамсың мен деп жаралган.
Күйүт мени мыжып жатса да,
Күдөр үзбөйм, Нестан-Дарежан. Нестан-Дарежан. Нестан-Дарежан.
[Chorus]
: Ак сүйүүнүн дайрасын кечип,
Азап-кайгы жүрөктү эзип.
Алоолонуп күйүп баратам,
Ан ансайын сүйүп баратам.
Аялзаттан башкача сезип…
Алоолонуп күйүп баратам,
Аялзаттан башкача сезип
Аялзаттан башкача сезип