Ак батаңды саттыңбы дегендердерге жооп Камалиддин аксакалдан
АРУУ-НУР ТВ
0:00 / 0:00
Ак батаңды саттыңбы дегендердерге жооп Камалиддин аксакалдан
1 021 просмотр · 18 часов назад
АРУУ-НУР ТВ
247 тыс. подписчиков
1 021 просмотр · 18 часов назад
«Сиздин эң чоң каалооңуз эмне? Эмне менен алектенесиз, эмне сатасыз?» деген сыяктуу суроолорго Камалиддин ава жооп берет.Урматтуу инилерим!
Мени мэрге капа болуп, «акебиз алжып калыптыр» деп ойлобогула. Менин мэрге эч кандай таарынычым жок. Менин капам — анын коомдук кабылдамасында отургандарга.
Анткени бир нече жолу жолугушууга барып, айтайын деген маселелеримди жеткире албай калдым. Мэр өзү чакырган учурларда да мени жолуктурбай, ортодон тоскоолдук кылып жаткандарга ичим ачышат.
Менин көкүрөгүмдө жүргөн бир чоң арман бар.
Акыркы үч жылдан бери 9-Май — Жеңиш күнүндө согушта курман болгон ата-бабаларыбыздын урматына коюлган эстеликке бийлик өкүлдөрүнөн бир да адам келип, эскерип, Куран окубай жатканын айтып жеткире албай келем.
Мектептин окуучулары да чыгып, ошол эстеликтин жанына гүл коюп, согушта курман болгондорду эскеришсе деген тилегим бар. Анткени бүгүнкү тынч жашообуз — ошол аталарыбыздын, агаларыбыздын кан-жаны менен келген жеңиштин үзүрү.
Биз, аксакалдар, жыл сайын барып, Куран окуп, алардын арбагына багыштап, эскерип келебиз. Бирок бул ишти жалгыз аксакалдар гана эмес, коом болуп, жаштар болуп, бийлик өкүлдөрү да колдоп турса — бул ата-бабаларыбызга болгон чоң урмат болмок.
Ушул сөздөрүмдү мэрге үч айдан бери өз оозум менен айтып, жеткире албай жүргөнүмө капамын.
Менин максатым — кимдир бирөөнү жамандоо же күнөөлөө эмес. Болгону, элдин үнү угулса, аксакалдын сөзү жерге калбаса, согушта курман болгон ата-бабаларыбыздын элеси унутулбаса экен деген гана тилегим бар.
Биз бүгүн тынч жашап жатсак, бул — кечээ согушта канын төккөн аталарыбыздын эмгеги. Аларды эскерүү — биздин адамдык жана ата-бабалык парзыбыз.
Ошондуктан, инилерим, мени туура түшүнгүлө. Менин айтканымдын түпкү мааниси ушул.
Камалиддин ава — улуу ойлоп табуучу, жаңычыл, тажрыйбалуу устат жана насаатчы. Ал 90 жашта болсо да, дагы деле изденип, жаңы нерселерди жаратып, жаш муундарга өзүнүн баалуу тажрыйбасын үйрөтүп келет