Көчөдө калган 4 үй-бүлө Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду. Ак-Ордодогу жер чыры
Azamat LIVE KG
0:00 / 0:00
Көчөдө калган 4 үй-бүлө Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду. Ак-Ордодогу жер чыры
50 444 просмотра · 4 мес. назад
Azamat LIVE KG
126 тыс. подписчиков
50 444 просмотра · 4 мес. назад
Кыргызстанда кызматына жамынып өз кызыкчылктарын ишке ашырган айрым атка минерлердин шалаакылыгынан жапа чекен карапайым жаранадардын саны күнсанап өсүүдө. Буга мисал катары аргасыздан жери үчүн өз өмүрүнө кол салган Ак Ордо конушунун жашоочусун айтсак болот. 21-апрелде сот аткаруучулар айыл чарба багытындагы жерлерге салынып калган деген төрт үйдү бузуп, жашоочуларын чыркыратып чыгарууга аракет кылышты. Жергиликтүү активисттер Ак-Ордо-3 конушунун №498 контурундагы төрт үйгө байланыштуу иш учурда административдик сотто каралып жатканын, ошол себептүү бузуу иштерин токтотуп турууну өтүнүшкөнүн билдирүүдө. Ал эми Сот аткаруучулар кызматы ал жерге мажбурлап аткаруу тууралуу соттук акт мыйзамдуу күчүнө киргендигине байланыштуу барышкан жана тиешелүү эскертүү тургундарга үч күн мурда берилгенин билдиришкен. Жыйынтыгында өз өмүрүнө кол салган адамдан башка дагы 3 үй-бүлө көчөдө калуу коркунучунда турушат. Алардын баары жер участокторун басып алган эмес, жылдап эмгектенип тапкан каражатына сатып алганын айтышып көз жашын төгүп отурушат. Мындан улам барар жери, түнөргө жайы жок калган жарандар мамлекет башчы Садыр Жапаровдон тийиштүү тараптарга чара көрүп берүүсүн өтүнүшүп кайрылуу жолдошууда.
Акыркы жаңылыктар, кызыктуу видеолор
Телеграм каналыбызда
Катталыңыз 👇 Бөлүшүңүз
https://t.me/azamatlive
Ушул маалыматты окуп отурган ютуб каналыбызга да катталганды ( подписка) унутпаңыз. 👇
/ @azamatlivekg
#кыргызстан #бишкек #бишкеккабар #акыркыкабарлар #новости #камчыбекташиев #садыржапаров #жогоркукенеш #жогоркукеңеш #azamatabdiev #azamatlive #азаматабдиев #тезкөр #тезкор #чүй #чуй #баткен #ош #жалалабад #талас #нарын #ысыккол #ысыккөл #ысыккуль #жаңылыктар #кабарлар