Осмонакун Ибраимов - 03 - "Негизги тенденциялар, агымдар жана кубулуштар"
Илим Элим
0:00 / 0:00
Осмонакун Ибраимов - 03 - "Негизги тенденциялар, агымдар жана кубулуштар"
3 208 просмотров · 8 л. назад
Илим Элим
19,5 тыс. подписчиков
3 208 просмотров · 8 л. назад
Бул видеосабакта автор кайра куруу жана айкындык доорунда кыргыз адабияты кандай жолдор, кандай багыт менен өнүктү, адабиятка кандай жаңы агымдар кошулду деген суроолорго жооп издейт.
Кыргыз адабиятынын тарыхында бул доор абдан олуттуу жана маанилүү из калтыргандыгы анык. Кыргыз прозасында экзистенциализм, поэзияда импрессионизм сындуу жаңы багыттар пайда болуп, буга чейин көп айтылып, жазыла бербеген тарыхий тема чыгармачылыктын авансценасына көтөрүлүп чыккан. Сөз эркиндигинин алгачкы эпкини чыгармачылыктагы ар түркүн тоскоолдуктарды аттап өтүп, теориялык жактан да, практикалык жактан да бул тенденциялар адабияттагы чоң жетишкендик катары каралат.