Кыргыз тил гимни (оригинал)
Кыргызча канал
0:00 / 0:00
Кыргыз тил гимни (оригинал)
121 580 просмотров · 1 год назад
Кыргызча канал
15 тыс. подписчиков
121 580 просмотров · 1 год назад
Сөзү: Сейит Алтымышов, обону: Бакыт Алишеров, кабыл алынган дата: 10-февраль, 2006-жыл
Тил жаралып Көкө-Теңир таңынан,
Адамзаттын дөөлөтүнө буйруган.
Адам деген түп сөзүнөн элимдин,
Кыргыз тили ай-ааламга жаңырган.
Кайырма
Кыргыз тили - жүрөгүм,
Манас ата туу туткан.
Кыргыз тили - Мекеним,
Менин өлкөм Кыргызстан!
Мекен тили Ата журттун кареги,
Биримдиги, күч-кубаты тиреги.
Мекен тили куттуу кыргыз элимдин,
Көкүрөктө согуп турган жүрөгү.
Кайырма
Мекен тилин ыйык тутуп сактайлы,
Мекен тили бак-таалайдын кутманы.
Мекен тили кан жаныбыз, туубуз,
Ата журттун келечеги, ак таңы.
Кайырма
Булак: https://tyup.net/page/kyrgyz-til-gimni