Айжаркын (кавер)#кыргызмузыкасы #сүйүүырлары
MURZA
0:00 / 0:00
Айжаркын (кавер)#кыргызмузыкасы #сүйүүырлары
7 215 просмотров · 3 месяца назад
MURZA
7,8 тыс. подписчиков
7 215 просмотров · 3 месяца назад
Айжаркын
Сыймык Бейшекеев
Көркүңө көзүм тойбойт асыл эркем,
Көөдөндө арзуу ыйлайт сага деген.
Армансыз бул дүйнөдөн өтөт го дейм, ииий
Айжаркын сени сүйүп, сага жеткен.
Армансыз бул жашоодон өтөт го дейм, иий
Айжаркын сени сүйүп, сага жеткен.
Мергендин огу жетпес аркарсыңбы,
Мээнеткеч чырмаган же аркансыңбы.
Адамдан сендей сулуу жаралабы, ииий
Акылдан адаштырган калтарсыңбы.
Адамдан сендей сулуу жаралабы, ииий
Айжаркын адаштырган калтарсыңбы.
Туйлаган агын сууда балык болуп,
Тушалдым, туталбадым карып болуп
Адашып арзуудан жол таппай жүрсөм, иий
Айжаркын шоола чачкан жарык болдуң.
Адашып арзуудан жол таппай жүрсөм, иий
Айжаркын шоола чачкан жарык болдуң.
Тушалдым, туталбадым карып болдум,
Айжаркын шоола чачкан жарык болдуң,
жарык болдуң
Бул ырды өзүм ырдап, жасалма интеллектин жардамы менен иштеп чыктым