Перейти к содержимому

Жаңылыктар | 31.03.2025 | Трамп Путинди коркутуп, Зеленскийге басым жасады

Азаттык

0:00 / 0:00

Жаңылыктар | 31.03.2025 | Трамп Путинди коркутуп, Зеленскийге басым жасады

42 407 просмотров · Трансляция закончилась 1 год назад
Азаттык
2,48 млн подписчиков
42 407 просмотров · Трансляция закончилась 1 год назад
Президент Садыр Жапаров Кожент шаарында тажик президенти Эмомали Рахмон менен жолугуп, чек ара, жол, суу жана энергетикага байланыштуу ратификацияланган грамоталар менен алмашуу протоколуна кол коюшту. Бул күнү Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандын мамлекеттик чек араларынын кесилишкен чекити жөнүндө келишимге жана түбөлүк достук жөнүндө Кожент декларациясына да кол коюлду. Султанбай Айжигитов аны Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыраткан Боршайкомдун чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна кайрылды. Мекеме өткөн аптада Айжигитовду 2021-жылы депутаттыкка талапкер болуп катталганда шайлоо мыйзамын бузган деп тапкан. Дональд Трамп Путин анын Украинадагы согушту токтотуу аракетине тоскоолдук кылса, Орусиянын мунайына 25-50 пайыздык кошумча тарифтерди киргизерин билдирди. Ал эми Зеленский сейрек металлдар боюнча келишимден баш тартса, чоң көйгөйлөргө кабыларын эскертти. #жаңылыктар #Кыргызстан ##бүгүназаттыкта #Трамп #Путин #зеленский 0:00 Анонс: 1:24 Кожент декларациясына кол коюлду 4:19 Айжигитов мандаты боюнча БШКнын чечимин сотко берди 9:41 HRW Мирзиёевди сындаган блогерди абактан бошотууга чакырды 11:20 Трамп Путинди коркутуп, Зеленскийге басым жасады 14:38 Өкмөт патент системасын кайтарганы жатат 16:36 Фараон Тутанхамон тууралуу санарип көргөзмө 20:18 Аягы _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram -   / azattyk.kg     / azattykmedia   Фейсбук -   / azattyk.org     / azattyk   Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x... Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu https://t.me/azattykrus