Айыл турмушу:Ш.Абдубаитов алмаларга сүрөттөрдү тартып бышырып, 1 даанасын 100 доллардан сатат
Turmush
0:00 / 0:00
Айыл турмушу:Ш.Абдубаитов алмаларга сүрөттөрдү тартып бышырып, 1 даанасын 100 доллардан сатат
3 623 просмотра · 8 лет назад
Turmush
446 тыс. подписчиков
3 623 просмотра · 8 лет назад
Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүнүн тургуну Шадыбек Абдубаитов алмага ар түрдүү жазууларды, сүрөттөрдү тартып бышырат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы багбан менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, жазууларды алмалар быша элек, көк кезинде түшүрөт. Мындай жазууларды түшүрүү менен 14 жылдан бери алектенет. Анын алмаларына Россия жана Түркия мамлекеттеринен да буйрутмалар түшүп турат. 1 даана алма 100 долларга сатылат. Көбүнчө мырзалар сүйгөн кыздарынын ысымдарын жаздырып, жүрөктүн сүрөтүн тарттырат.
Кээ бирөөлөр туулган жылынын жаныбарын, герб, желектердин сүрөттөрүн тартырышат. Буйрутмалар ар кандай жармаңкелерге катышкандан кийин түшө баштаган.
Бүгүнкү күндө 82 сотых аянтта 120 түп алма көчөт өсүп жатат. Быйыл 1500 миң даанага жакын алмага ар кандай сүрөттөрдү тартып, жазууларды жазган. Кийинки жылы 300 миң даана алмага сүрөт тартууну пландап жатат.
Учурда сүрөт тартылбаган 10 тоннага жакын алма түшүмүн сактап турат. Алардын 1 кг 40-50 сомдон сатылууда.
Үй-бүлөсү менен чогуу багбанчылык кылган Шадыбек Абдубаитовдун 1 жылдык кирешеси 300 миң сомго чейин жетет.