Перейти к содержимому

Макал лакаптар! Туурасын билесиңби? 🤔

Kyrgyz Proton

0:00 / 0:00

Макал лакаптар! Туурасын билесиңби? 🤔

660 просмотров · 11 дней назад
Kyrgyz Proton
519 подписчиков
660 просмотров · 11 дней назад
Достор, мурунку чыгарылыштардагы макалдар боюнча көптөгөн талкуулар жана пикирлер болду. Чынында эле, эл оозунда айтылып жүргөн макал-лакаптар убакыттын өтүшү менен, тарыхта ар кандай өзгөрүүлөргө жана бурмалоолорго учурап келген. Ар кайсы аймакта ар кандай варианттары айтылып калганы да баарыбызга белгилүү. Ошондуктан биз бул жолу форматты толугу менен жаңылап, кызыктуу интерактивге айландырууну чечтик — эми макалдардагы катаны чогуу табабыз! Бул чыгарылышта: Белгилүү макалдардагы өзгөртүлгөн сөздөрдү табасыз; Өзүңүздүн макал-лакап боюнча билимиңизди текшересиз; Кыргыз тилинин байлыгын жана маданиятын тереңирээк тааныйсыз. 💬 Сиз бул макалдардын кайсы вариантын билесиз? Мүмкүн комментарийде эл арасында кеңири тараган эң туура жана эски варианттары жазылар. Өз вариантыңызды калтырып, талкууга кошулуңуз! Ар бир көрүүчүгө, колдоп жаткан катталуучуларыбызга терең ыраазычылык билдиребиз. #Кыргызстан #МакалЛакаптар #КыргызТили #Макал #Билим #Макал #илим #КыргызПротон #kyrgyzstan Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат! 1. Улук болсоң, кичик бол 2. Чаап айтканча таап айт 3. Шамал жерди кургатат, жамгыр жерди жыргатат 4. Ынтымак бар жерде — ырыс бар 5. Эр ачтан өлбөйт, ардан өлөт 6. Үйдө баатыр, жоодо жок 7. Улуу сөздө уят жок 8. Чайкап сүйлөгөнчө, байкап сүйлө 9. Эмгектин наны таттуу, жалкоонун жаны таттуу 10. Шак мөмөлөгөн сайын ийилет 11. Ырыс алды — ынтымак 12. Үйдө ыркы жоктун, талаада сыйы жок 13. Урушкандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман 14. Чала молдо дин бузат 15. Эр болсоң көк бол, айткан сөзгө бек бол 16. Шашкан коён шатыга батпайт 17. Ыйдын түбү — кубаныч, сыйдын түбү — сый 18. Үйдүн жакшы жаманы кыш түшкөндө билинет, достун жакшы — жаманы иш түшкөндө билинет 19. Уй мүйүзүнөн сынат, адам сөзүнөн сынат 20. Чаба албаган, чалгы тандайт 21. Эл — көл, элди билбес чөл 22. Шашкан шайтандын иши 23. Ыраактагы туугандан, жакындагы дос өйдө 24. Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы? 25. Чабал өрдөк мурда учат 26. Эр башына күн түшсө өтүк менен суу кечет, ат башына күн түшсө ооздук менен суу ичет 27. Шашылган кыз эрге жетпейт, этеги жерге жетпейт 28. Ырайына жараша ыйманы 29. Үйрөнгөн жоо атышууга жакшы 30. Улууга урмат, кичүүгө ызат 31. Чакырганга келбеген, ымдаганга зар болот 32. Эр жигит эл четинде, жоо бетинде 33. Шагылы болбой зоо болбойт, шайыры болбой эл болбойт 34. Ырдаган ырым — бир, бүтпөгөн чырым — бир 35. Үйү жакын иттин куйругу узун 36. Чакыргандан калба, өзүң басып барба 37. Эр жигиттин башына нелер келип, нелер кетпейт 38. Шакылдаган жеңени үй чечкенде көрөбүз, такылдаган эчкини суу кечкенде көрөбүз 39. Ырынан чыры көп 40. Үн жетпегенге, сөз да өтпөйт 41. Улуунун сөзүн ук, кичүүнүкүн ойлон 42. Чакырылбаган конок, жаттан жаман 43. Эр кайраты бир күндүк, эл кайраты миң күндүк 44. Шамал жерди кургатат, жамгыр жерди жыргатат 45. Ыштаны таза колун аябайт 46. Үндөбөгөн үйдөй балээден кутулат 47. Урматтан узарат, уяты чыккан кызарат 48. Чала өлтүргөн жылан чагат 49. Эр намысы — эл намысы 50. Шарыят буйлалаган төө, кайда жетелесең кете берет 51. Урушта — туруш жок 52. Чапанчага камчы чапса, көйнөкчөнгө доо кетет 53. Эр ортону — элүү 54. Шеги бар — шектенет 55. Уруштун башы — ушак 56. Чапкан сайын көз чыкпайт, айткан сайын кеп өтпөйт 57. Эр чекишпей бекишпейт 58. Шодокондун бүркүтүндөй жутунбай 59. Устадан шакирти өтөт 60. Чаппаса билекте калат, айтпаса жүрөктө калат 61. Эр эмгегин жер жебейт 62. Шыбыр — кеп болбойт, шыйрак — эт болбойт 63. Устанын тогоосу жок 64. Чапчаң ат арышын таштайт, баары бир күлүктөн ашпайт 65. Эрден ашмак бар, элден ашмак жок 66. Устукан мүлжүбөй этке тойбойт, коно жатпай кепке тойбойт 67. Чатак сүйлөп чычаалак — чыр адамдын мүнөзү, токтоо сүйлөп жай айткан — сабырдуунун мүнөзү 68. Эрдигиң бар, эсиң жок 69. Уулдун уулу мекен коргойт, душмандын алдын торгойт 70. Чатактын түбүн калыс айткан сөз чечет 71. Эрдик билекте эмес, жүрөктө 72. Уунун сырын мерген билет, жоонун сырын жеңген билет 73. Чептен эрдин күчү бек 74. Эрдик кылып кой сойсоң, иттик кылып төш тартпа 75. Ууру күч болсо, ээси айыпка жыгылат 76. Чечен — сөздүн эбин табат, дайым кептин кемин табат 77. Эрди-катын урушат, эси кеткен болушат 78. Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат 79. Чечен алжыса, атагын жейт 80. Эрдин өзүн көрбө, даңкын ук 81. Ууруну каракчы урат 82. Чечендин — сөзү алтын, устанын — колу алтын 83. Эрегиштен эр өлөт 84. Уурунун арты кууш 85. Чиелешкен түйүндү чечиш кыйын, уюлушкан душмандан кетиш кыйын 86. Эришине жараша — armagy, эшегине жараша — тушагы 87. Ушакчы — ушакчы эмес, ушакты уккан — ушакчы 88. Чийки бышып даамына келет, жаш чоңоюп алына келет 89. Эркек бала шок болсун, шок болбосо жок болсун 90. Уядан эмне көрсө, учканда ошону алат 91. Чоң үйдөгү күлсө, кичи үйдөгү ырсаят 92. Эркек болбосо, үй жетимсирейт 93. Уялбагандан өзүң уял 94. Чөбү жок деп жерден түңүлбө, малы жок деп элден түңүлбө 95. Эркектин кой сойгону, аялдын сайма сайганы менен тең 96. Уят — өлүмдөн катуу 97. Чөп жыйнаган малын багат, мал жыйнаган жанын багат 98. Эркенин жашы кургабайт