7Gen feat. FREEMAN 996 - Тил
7GEN и FREEMAN 996
0:00 / 0:00
7Gen feat. FREEMAN 996 - Тил
44 980 просмотров · 3 дня назад
7GEN и FREEMAN 996
44 980 просмотров · 3 дня назад
http://curltai.link/7GenTILS1ngle
/ 7etigen
/ free_man_996
Кичине кезимен чет тилге кызыгып келчүмүн негедир дайым!
Кереги тийет албетте, чет өлкөдө сүйлөшүп бекер турбайын!
Англис тилин, түрк тилин билемин,
Орус тилин мен эсепке албаймын!
Уялам өз тилимде кээбир сөздөрүмдү унутуп калган сайын!
Дүмүрчөктөн бир даана жөнеле жатат дөңгөлөгү жарык унаада!
Артында үналгы, сыналгы кайгырат тамекини буркурата!
Себебин сонун билебиз аларды чаң басып колдонулбай жатат!
Тил үчүн ким жан бергенин сенин билбегениң биз кетирген ката!
Тилим менин аспабым!
Тилим менин куралым!
Жан дүйнөмөн айрылбас
Тилим менин курамым!
Талкалата урамын,
Тилиме бекем турамын!
Мен кыргыздын баласы
Тил менен нукурамын!
Таң атып ойгонуп мен катуу ойлонуп өзүмдүн сүйлөгөн сөздөрүмө!
Өз тилим чоочун тилдин көлөкөсүндө,
Туура эмес көрүндү көзүмө!
Аялдаманы күнүмдүк жашоодо колдонуп мен баштадым өзүмөн!
Бозоргон каргадай айырмалангандай көпчүлүктүн үй-бүлөсүнөн!
Кыргызча сүйлөгөн оруска таңгалып өзүбүз апенди болдук!
Орусча билбеген кыргызга шаардык кыргыздан бар экенби кордук?!
Кыргызча билбеген кыргызга айылдык кыргыздан бар экенби кордук?!
Ошол кордук болсун, калсын деп жүрөгүмдө оорлук!
Жашоо бирдей жагдайда,
Эне тилди билбей талтайба!
Чет элдик үйрөнөт алты айда,
Такабай турсаң деле маңдайга.
Жакшы эле билем деп дардайба!
Тилиңди тийгизе албай таңдайга!
Сүйлөсөң окшоштурам сени
Өз тилин барктабагандайга!
Тилим менин аспабым!
Тилим менин куралым!
Жан дүйнөмөн айрылбас
Тилим менин курамым!
Талкалата урамын,
Тилиме бекем турамын!
Мен кыргыздын баласы
Тил менен нукурамын!Кичине кезимен чет тилге кызыгып келчүмүн негедир дайым!