Перейти к содержимому

"АЁО" Сөзү. Кубанычбек Маликов. Обону. Канымгүл Досмамбетова. Автордун аткаруусунда.

ЖҮРӨКТӨ КАЛГАН ЫРЛАР

0:00 / 0:00

"АЁО" Сөзү. Кубанычбек Маликов. Обону. Канымгүл Досмамбетова. Автордун аткаруусунда.

23 043 просмотра · 5 лет назад
ЖҮРӨКТӨ КАЛГАН ЫРЛАР
18,5 тыс. подписчиков
23 043 просмотра · 5 лет назад
Көйкөлүп жаткан шиберди, Көп көрүп тепсей баспагын Күзгүдөй тунук булака, Топурак уучтап чачпагын. Кумурска майда экен деп, Тебелеп аны жанчпагын. Чабалга чоңдук көрсөтпө, Чын эле сага айтканым. Аягын назик гүлдөрдү, Аягын мукам үндөрдү. Өзгөчө жаным аягын, Элжиреп сен деп жүргөндү. Каарына асты карабай, Кан жаны сени сүйгөндү. Өнөкөт кылба жашыңдан, Орунсуз кабак түйгөндү. Дүйнөдө назик нерсе көп, Баарынан назик бул жүрөк Сүйгөндү билбес мүнөздөп Сезими жанды бүлдүрөт. Жалындуу жанды суутуп, Өчүрүп кееде үлгүрөт. Катпасын менин жүрөгүм, Калбасын сезим үлбүрөп. Адамга бүткөн таалайдын, Назиги жүрөк турбайбы. Жүрөктүн тунук сезимин, Жан менен коргоп ырдайлы. Кырсыкты гүл деп көрсөтүп, Кыянат жашка кылбайлы. Ашыктык сүйүү нукура, Бакыт экенин ылгайлы.