Перейти к содержимому

Медербек Сатыев сот жетекчилерин катуу сынга алды: 9 айдын жыйынтыгы талданды

Жогорку сот Верховный суд

0:00 / 0:00

Медербек Сатыев сот жетекчилерин катуу сынга алды: 9 айдын жыйынтыгы талданды

28 448 просмотров · 1 дн. назад
Жогорку сот Верховный суд
20,9 тыс. подписчиков
28 448 просмотров · 1 дн. назад
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыевдин жетекчилиги алдында сот тутумунун 2026-жылдын тогуз айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары талданды. Кеңешмеде айрым соттордун жана судьялардын, анын ичинде жетекчилик кызматтарды ээлегендердин ишинин сапаттык көрсөткүчтөрү катуу сынга алынды. «Жетекчилик кызматта отуруп, башкалардан талап кылуу жетишсиз. Өзүңөр судьяларды тандайсыңар, бирок көрсөткүчтөрүңөр төмөн!» — деген маанидеги принципиалдуу сын сот жетекчилеринин жеке жоопкерчилигин күн тартибине койду. Төрага жетекчилик кызматтагы судьялар башкаларга үлгү болушу керектигин белгилеп, алардын төмөн көрсөткүчтөрү ээлеген кызмат ордуна шайкештиги боюнча олуттуу суроо жаратарын айтты. Кемчиликтерди жөн гана статистика менен актоого болбой турганын, ар бир начар көрсөткүчтүн себеби аныкталып, ага принципиалдуу баа берилиши керектигин баса белгиледи. Ошондой эле иштерди кароо мөөнөттөрүн бузуу, сот актыларынын сапаты, жарандардын нааразычылыктары жана сот чечимдеринин коомчулукка түшүндүрүлүшү боюнча жоопкерчиликти күчөтүү талап кылынды. Төраганын талабы так: сот тутумунда кызмат ордуна эмес, иштин сапатына баа берилет. Жетекчилик — артыкчылык эмес, биринчи кезекте жоопкерчилик. Кеңешменин жүрүшү жана сот тутумунун тогуз айлык ишинин жыйынтыктары тууралуу толук видеоматериалда. Биздин сайт: http://sot.kg/ Фейсбук:   / jogorku   Телеграм: https://t.me/jogorkusot Инстаграм:   / jogorku_sot   ____________________________________________________ #Жогоркусот #Верховныйсуд #МедербекСатыев