Перейти к содержимому

Болот Тасмаев Аманат

Түмөнбай КОЛДОШОВ

0:00 / 0:00

Болот Тасмаев Аманат

269 601 просмотр · 5 лет назад
Түмөнбай КОЛДОШОВ
119 тыс. подписчиков
269 601 просмотр · 5 лет назад
Сөзү Кыялбек Урманбетовдуку Обону Тобокел Кашкарбаевдики Жан курбум, Жашыбай жакшы кал, курбум. Жамынып түндү узадым, Жазганы ошол тагдырдын. Кош дечи, Арманга бирок кошпочу, Айланып келем ыр болуп, Айрылуу эмес коштошуу. Өмүрдө ыйык түнөгүм, Өңдөнөт ысык жүрөгүм, Өчпөсүн жүрөк, өчпөсүн жүрөк тилеги. Жан курбум, Жаштыгым шамдай жандырдың. Ардактап алгын өчүрбөй, Астында калса жамгырдын. Агарып, Ай нуру менен таралып, Ал күндөр кирет түшүмө, Айрылуу эмес аралык. Өмүрдө ыйык түнөгүм, Өңдөнөт ысык жүрөгүм, Өчпөсүн жүрөк, өчпөсүн жүрөк тилеги. Жан курбум, Жабыкпай жакшы кал, курбум. Өзүндү түнгө тапшырып, Сөзүмдү сага калтырдым, Кош дечи, А бирок көзгө жаш алба, Ар убак жүрсөң эскерип, Айрылуу эмес ажал да... Өмүрдө ыйык түнөгүм, Өндөнөт ысык жүрөгүм, Өчпөсүн жүрөк, өчпөсүн жүрөк тилеги...