Перейти к содержимому

Талас келечектин шаарына айланып жатабы? / Атайын репортаж

Exclusive KG

0:00 / 0:00

Талас келечектин шаарына айланып жатабы? / Атайын репортаж

16 132 просмотра · 11 часов назад
Exclusive KG
99,5 тыс. подписчиков
16 132 просмотра · 11 часов назад
Талас кантип өзгөрдү жана эмне үчүн бүгүн аны Кыргызстандагы эң тез өнүгүп жаткан шаарлардын бири деп атап жатышат? Биз Талас шаарынын жана жалпы облустун келбетин өзгөртүп жаткан жаңы объектилер тууралуу атайын репортаж даярдадык. Репортажда меценат Болот Абилдаевдин жеке каражатына курулуп, толугу менен жабдылып, мамлекетке өткөрүп берилген Президенттик «Акылман» лицейин көрсөтөбүз. Бул жерде Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген таланттуу балдар акысыз билим алышат. Ошондой эле жаңыланган музейи, «Кеңеш Ордосу», 2500 орундуу аренасы, мейманканасы жана коттедждери бар «Манас Ордо» комплексин, 4500 адамга ылайыкталган жаңы Борбордук мечитти, узундугу 1,5 чакырым болгон Нуржанов аллеясын, спорттук комплекстерди, балдар мекемелерин жана жаңы коомдук жайларды көрөсүздөр. Таластын көчөлөрүндө каттай баштаган 30 жаңы электробус, «Чоң-Капка» өткөрмө пунктунун жаңыланышы, спорттук инфраструктуранын өнүгүшү жана Талас төө буурчагын жаңы экспорттук рынокторго чыгарууга багытталган өндүрүштүк долбоорлор жөнүндө да айтып беребиз. Бул — жаңы имараттар жана жолдор тууралуу гана репортаж эмес. Бул мамлекеттин инвестициясы, меценаттардын колдоосу жана ишке ашкан конкреттүү долбоорлор бүтүндөй бир аймакты кантип өзгөртө аларын көрсөткөн баян. Талас кандай өзгөрдү жана дагы кандай иштер жасалышы керек? Атайын репортажыбызды көрүп, өз пикириңиздерди комментарийге жазыңыздар жана Exclusive KG каналына катталыңыздар! 00:00 Кириш сөз 01:08 «Чоң-Капка» — Таластын жаңы дарбазасы 21:09 Тарых менен келечек тогошкон «Манас Ордо» 22:39 Кыргызстандын келечектеги кадрларын даярдаган «Акылман» 38:36 Таластын төө буурчагын Европага тааныткан «Talasia» 55:38 Чоң футболдун жаңы ордосу — «Талас Арена» 56:44 Улуттук өзгөчөлүктү даңазалаган Таластын борбордук мечити 57:33 Таластын жаңы жүзүнө айланган Нуржанов аллеясы 1:15:03 Таластын «Диснейленди» — «Баластан» 1:28:00 Талас тарыхындагы алгачкы электробустар #Талас #Кыргызстан #Акылман #МанасОрдо #БолотАбилдаев #ExclusiveKG #СеметейАманбеков #жаңылык #кыргызстан #exclusive