Перейти к содержимому

Азаттык: Кечки радио эфир | 07.12.2024

Азаттык

0:00 / 0:00

Азаттык: Кечки радио эфир | 07.12.2024

23 719 просмотров · Трансляция закончилась 1 год назад
Азаттык
2,48 млн подписчиков
23 719 просмотров · Трансляция закончилась 1 год назад
Президент Садыр Жапаров Ооганстандагы кырдаал жана кыргыз бийлиги менен “Талибандын” алакасы тууралуу түркиялык TRT AVAZ телеканалына маек берди. Ал Кыргызстан “Талибанды” тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарганын, Ооганстандагы кырдаал аймак үчүн маанилүү экенин белгилеген. Ал “Талибан” дүйнөнүн изоляциясында экенин, мындай көрүнүш Ооганстандагы маселени чечпей турганын айткан. “Тескерисинче, азыркы кырдаал канчалык создуккан сайын ооган элинин азаптуу күндөрдү башынан кечириши улана берет. Талибдер 2021-жылдын жайында бийликке келгенде Ооганстандын Борбордук банкынын чет жактагы 9,4 млрд долларлык активдери Батыш өлкөлөрүндө “тоңдурулганын” жакшы билесиздер. Анын 7 млрд доллардайы АКШда. Бул каражатты Ооганстандагы кырдаалды жакшыртууга жана ооган элинин бакубатчылыгы үчүн тез арада кайтаруу зарыл деп эсептейм. Мисалы, бул каражатты Ооганстандын азыркы бийлиги өздөрүнүн инфраструктуралык объектилерин калыбына келтирүүдөн тышкары жергиликтүү банктары аркылуу жарандарына жеткиликтүү насыя берип, айыл чарбасын өнүктүрүп, жакырчылыкта күн кечирип жаткан жарандарын ирдентүүгө жол ача алмак деп эсептейм. Азыр Ооганстандын элинин көпчүлүгү ачарчылык коркунучунда турат”, - деген Жапаров. Ал Европа өлкөлөрүнүн жана АКШ бийлигин Ооганстандын азыркы бийлигин таанууга жана “тоңдурулган” каражаттарды кайтарып берүүгө чакырарын кошумчалаган. Бул өлкөлөр ар кандай программалар аркылуу техникалык колдоо көрсөтсө, Кыргызстан жардамдашууга даяр экенин, жогорку окуу жайлардын базасында ооганстандык студенттерди окутууга, мамлекеттик кызматкерлердин тажрыйбасын жогорулатууга болорун айткан. Кененирээк: https://www.azattyk.org/a/33230259.html _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram -   / azattyk.kg     / azattykmedia   Фейсбук -   / azattyk.org     / azattyk   Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x... Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu https://t.me/azattykrus