Перейти к содержимому

ZAKU - Өзүңсүз (Official Audio)

ZAKU

0:00 / 0:00

ZAKU - Өзүңсүз (Official Audio)

24 725 просмотров · 2 месяца назад
ZAKU
130 подписчиков
24 725 просмотров · 2 месяца назад
ZAKU - Өзүңсүз Слушать/Скачать https://t.me/zakumun Дүйнөм өзүңсүз туман, болуп көрүнбөйт Жүрөгүмө сактап, сени өчүрбөйм Жолуктурганыма мен эч өкүнбөйм Дүйнөм, жолду карап, сени самап күнүгө Зармын азыр дем берчү мен үнүңө Элесиңе күндө карап жүгүрөм Сагынам, сыгылам, күнөөнүн баарын Кылып алдым мен акылдан танып Гүлүмдү кармап, үйүңө барып Терезеңди карап, чыкпасаң чалып... Сураймын кечирим, каттарым жазамын Кусалык жүрөктө, тартамын азабын Бул дагы балким тагдырдын сабагы Издеймин амалын, сагынып жамалын Бир келип ильхом, ырымды жазамын Жазгандан соң жинденип, айырдым барагын Чогултам өзүмдү, чогултам ырымды «Алдыга умтул» деп, айласын табамын Келемин, кайталайм, бирок ал кечиргис Калдымбы кечигип, маселе чечилгис Жүрөгүм таш эми, мен эми сезимсиз Жашоодо бөлүнгөн, түшүмдө биргебиз Тартамын жалгыз бул махабаттын мен азабын Түшүмдө кучактап кой бербей карааның Көңүлүн муздап,сезимдерин өчсө да Өмүмдүн акырына чейин ырымды жазамын Дүйнөм өзүңсүз туман, болуп көрүнбөйт Жүрөгүмө сактап, сени өчүрбөйм Жолуктурганыма мен эч өкүнбөйм Дүйнөм, жолду карап, сени самап күнүгө, Зармын азыр дем берчү мен үнүңө. Элесиңе күндө карап жүгүрөм