Перейти к содержимому

Иним экөөбүзгө бир катын.. .🎧 [Аудио китеп ] 📜

kgbook

Иним экөөбүзгө бир катын.. .🎧 [Аудио китеп ] 📜

526 076 просмотров · 9 месяцев назад
kgbook
81,6 тыс. подписчиков
526 076 просмотров · 9 месяцев назад
Жайлоокан бул үчүнчү турмушуна капыстан кабылды, анын ата-энеси жок, таежесинин колунда өстү. Тартынчаак, батымсыз болуп эптеп сегизинчи классты бүтүп эле күйөөгө тийип кетти, ал өзүнүн эрки менен болсо кана, таежеси Алмагүл аялы өлгөн бир топ жаш улуу Жакыпка берип койду. Кайненеси анча-мынчаны жактыра бербеген аял эле, он алтыга толуп-толо элек жаш Жайлоокандын кылган эткенин жактырбай келген күндүн эртеси эле каарый баштады. Зымырат заар тилин агыта таң эрте туруп алып эшикте сүйлөнүп жатты: – Дегеле жетесизден бүлөө алба, жердигинде жакшылык көрбөгөн өлүгүңдү көрөйүн десе, чекени жылытпаган немени кайдан да ала койдум эле? – Апа, эмне болду? – деп Жакып чыга калды.