Кырчында тамак саткандар эмнеге банкрот болушту? Арыз-муңу, айыл өкмөттүн жообу
Эламан Карымшаков
0:00 / 0:00
Кырчында тамак саткандар эмнеге банкрот болушту? Арыз-муңу, айыл өкмөттүн жообу
350 274 просмотра · 17 часов назад
Эламан Карымшаков
136 тыс. подписчиков
350 274 просмотра · 17 часов назад
Кырчында боз үйлөрдө тамак саткандар “банкрот болдук” деп арызданышууда. Алар суунун берки бетиндеги жайга автобустарды токтотпой, элдин баарын этно шаарча жакка түшүргөнүн, анан калса аларга барчу көпүрөдөн адамдарды өткөрбөй койгонун айтып нааразы. Мындан улам эл бул жакта тамак сатыларын, баасы арзан экенин билбей калганын айтышууда. Мунун кесепетинен көпчүлүгү сатып алган азык-түлүктүн да акчасын чыгара албай башын мыкчып отурат. Мисалы, Алмадай Маткеримова Көчмөндөр оюндары башталгандан бери 2000 сом араң иштегенин билдирди.
Тамак сатуучулар Садыр аке айыл өкмөтүнөн жерди 8000 сомдон ижарага алышкан. Келишим түзүлүп жатканда “Кырчынга 200-300 миң адам келет, мурунку Көчмөндөр оюндарындай эле эл силер жакты аралап өтөт” деген убада болгонун айтышты.
Бул жакты тескеген айыл өкмөт башчынын орун басары Эрбол Ашырбаев аларга башында эле ары жакта да тамак-аш зонасы болору тууралуу эскертүү берилгенин билдирди. 1-сентябрь күнү гана көпүрө тосулганын, кийин эл өтүп жатканын айтууда. Ошондой эле башында 123 боз үйдү гана ижарага берүү пландалганын, кийин өздөрү суранып жатып 186га жетип кеткенин белгиледи.