Табаар белем(кавер)#ТабаарБелем#ГүлжанЫрдайт#ЭскиЫр#СүйүүЫры#Кавер2026#МахабатЫрлар
Gulzhan Voice
0:00 / 0:00
Табаар белем(кавер)#ТабаарБелем#ГүлжанЫрдайт#ЭскиЫр#СүйүүЫры#Кавер2026#МахабатЫрлар
253 просмотра · 1 дн. назад
Gulzhan Voice
391 подписчик
253 просмотра · 1 дн. назад
Табаар белем Сөзү.Г.Момунова
Обону. Э. Мааданбеков
Кайдасың сен ажарланган айлуу түнүм
Кайдасың жылажындай жаштык үнүм
Сен мынча баалуу белең таттуу белең ай
Жаралып кайра экинчи келбес үчүн
Кайдасың сен күлмүңдөгөн шаттуу кездер
Кайдасың жан терметкен таттуу сөздөр
Карашы сырга толуп жанып турган ай
Кайдасың жаркын үмүт оттуу көздөр
А көрсө көз жок экен сенден сулуу
Дүйнөдө сөз жок экен сенден сырлуу
Денени ток жүргөндөй чымыраткан ай
Жүрөктө от жок экен сенден жылуу
Азыр мен ал көзүңдү табар белем
Анда сен баштагыдай жанаар белең
Болбосо өзгөрүлүп ал көз караш ай
Кайдыгер таанышыңдай караар белең
Болбосо өзгөрүлүп ал көз караш ай
Кайдыгер таанышыңдай караар белең