Перейти к содержимому

"Визиондун" карызына кеткен кеңсе чыры/ Сатып алган мүлкүнө кире албай эси оогон ишкер

Эламан Карымшаков

0:00 / 0:00

"Визиондун" карызына кеткен кеңсе чыры/ Сатып алган мүлкүнө кире албай эси оогон ишкер

34 349 просмотров · 22 ч назад
Эламан Карымшаков
138 тыс. подписчиков
34 349 просмотров · 22 ч назад
"Визион групп" курулуш компаниясы 2022-жылы Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан 9 млн. доллар кредит алып, күрөөгө 9 мүлкүн койгон экен. Кийин насыясын төлөй албай калгандыктан фонд күрөөгө коюлган жайларды аукционго койгон. Андан ишкер Бакыт Калманбетов Ош шаарынын Аматов 1 көчөсүндөгү бир коммерциалык жайын сатып алган. Бирок анын 150 чарчы метринде "Агрофинанс" деген микро кердиттик компания отурган. Ал кеңсени бошотуп бербей бир жылдан бери соттошуп жүрүшөт. Ишкер милициядан да, прокуратурадан да, соттон да чындыкты таба албай айласы кеткенин айтып кайрылды. Анткени Жогорку сот "бул кеңседен чыгып кетип, эишиги жабылсын" деген чечимине баш ийбей, жада калса сот аткаруучулар да чыгарбай жатканын билдирди. Прокуратурага кайрылса "бошотуп кетиптир" деген жооп берген. Мындан улам биз дагы Ош шаардык прокуратурасына барып "эмнеге мыйзамсыз аракеттерди көз жуумп отурасыздар?" деп сурадык. Ал эми "Визион групп" компаниясынын учурдагы жетекчиси Арслан Момошев балээнин баары мурдагы директор Замирбек Орозбаевдун айынан болгон дейт. Ал өзүнө завод салам деп "Визиондун" мүлктөрүн күрөөгө коюп, кийин төлөй албай калганын айтууда.