Перейти к содержимому

МЭР: МЕКТЕПТЕРДИ ЧЕТИНЕН ЖАҢЫЛАП ЖАТАБЫЗ

Boron Media

0:00 / 0:00

МЭР: МЕКТЕПТЕРДИ ЧЕТИНЕН ЖАҢЫЛАП ЖАТАБЫЗ

12 396 просмотров · 8 месяцев назад
Boron Media
344 тыс. подписчиков
12 396 просмотров · 8 месяцев назад
🔹Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Төлөйкөн кичи районундагы “Керме-Тоо” орто мектебиндеги балдардын билим алуусуна түзүлгөн шарттар менен жеринен таанышып чыкты. Бул имарат капиталдык ремонттон өткөрүлүп, толугу менен жаңылганган. 🔹Мектепти оңдоп-түзөө жумуштарына республикалык бюджеттен акча бөлүнгөн. Ага имараттын сырткы фасады, терезе жана эшиктери алмаштырылды. Ошондой эле окуучулардын дени сак жашоо образы үчүн эскилиги жеткен спорт аянтчалары да жаңыланды. 🔹Эске салсак, билим берүү мекемесинин имаратын Президент Садыр Жапаров Элдик курултайдын алкагында онлайн форматта пайдаланууга берген. 🔹Кошумчалай кетсек, Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагындагы көп кабаттуу турак жайларга жана социалдык объектилерге (мектеп, бала бакча ж.б.) алып баруучу эски, тар жана жүрүүгө кооптуу жолдор кеңейтилип, толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул иштер жашоочуларга ынгайлуулук жаратуу үчүн жүргүзүлдү. #ош #мэр #рейд