Кыргызстан–Россия: Жогорку соттордун маанилүү жолугушуусу
Жогорку сот Верховный суд
0:00 / 0:00
Кыргызстан–Россия: Жогорку соттордун маанилүү жолугушуусу
10 746 просмотров · 3 дн. назад
Жогорку сот Верховный суд
20,6 тыс. подписчиков
10 746 просмотров · 3 дн. назад
Кыргызстан менен Россиянын жогорку сот органдарынын кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган маанилүү жолугушуу Бишкекте өттү.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев менен Россия Федерациясынын Жогорку сотунун төрагасы Игорь Краснов сот адилеттиги чөйрөсүндөгү өз ара кызматташууну кеңейтүү, тажрыйба алмашууну күчөтүү жана кесиптик байланыштарды бекемдөө маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган келишимдерге кол коюлду.
Сапардын алкагында тараптар Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон баатырлардын жаркын элесине таазим этишти.
Биздин сайт: http://sot.kg/
Фейсбук: / jogorku
Телеграм: https://t.me/jogorkusot
Инстаграм: / jogorku_sot
____________________________________________________
#Жогоркусот
#Верховныйсуд
#МедербекСатыев