ИЛИКТӨӨ: Көлдөгү пансионатка көз арткандар кимдер? || ЧЕКИТ МЕДИА
Чекит Медиа
0:00 / 0:00
ИЛИКТӨӨ: Көлдөгү пансионатка көз арткандар кимдер? || ЧЕКИТ МЕДИА
11 840 просмотров · 16 часов назад
Чекит Медиа
54,9 тыс. подписчиков
11 840 просмотров · 16 часов назад
Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий сайтына илинген жарыяда
Ысык-Көлдүн түштүгүндө жайгашкан “Бар-Булак пансионаты” тууралуу сөз болот. Дал ушул эс алуу жайынын участогундагы жалпы аянты 1.7 гектар жерди түзгөн жер тилкесин ичиндеги имараттары жана ага жанаша турган жер тилкелери менен кошо ижарага берүү боюнча сынак жарыяланган. Пансионатка жанаша жайгашкан жер тилкелеринин аянты 0.5 гектар деп көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, Бар-Булак термоминералдык жылуу суусунун имараты жана тиешелүү 1.5 гектарга жакын жер тилкелери менен кошо берилери айтылган. Бул сынактын өткөрүлүшүндө мүчүлүштүктөр кетти, анын себепкери Жогорку Кеңештин депутаты Болот Сагынаев деген доомат менен "Чекит Медиага" катталуучубуз кайрылды. Алдыда окуяны баяндап беребиз.