Перейти к содержимому

Кош-Дөбө 1929-жылы түптөлгөн. Эгемендиктен кийинки туңгуч айыл өкмөт башчы Насыпбек Тобокелов

КОШ-ДӨБӨ24 TV

Кош-Дөбө 1929-жылы түптөлгөн. Эгемендиктен кийинки туңгуч айыл өкмөт башчы Насыпбек Тобокелов

3 667 просмотров · 1 месяц назад
КОШ-ДӨБӨ24 TV
528 подписчиков
3 667 просмотров · 1 месяц назад
Даярдаган: Эрлан Смайыл уулу Видео монтаж: Нур Абдымажин уулу Nomad press студиясы тарабынан тартылды. Подкасты чыгарууга демөөрчүлүк көрсөткөн: Азамат Бейшеев ИНСАН ЖӨНҮНДӨ Насыпбек Тобокелов - 1948-ж. 15-ноябрда Кош-Дөбө айылында туулган. 1965-жылы мектепти, 1973-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетин бүтүрүп, бухгалтер экономист кесибине ээ болгон. 1965-жылы айылда китепканачы болуп эмгек жолун баштаган. 1968-70-жылдарда Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин катчысы, 1971-76-жылдарда 1-Май колхозунда башкы бухгалтердин орун басары, эмгек акы боюнча экономист кызматын аркалаган. 1976-77-жылдары Ак-Талаа райондук аткаруу комитетинде райпландын төрагасы, 1977-79-жылдары Жданов атындагы колхоздун башкы бухгалтери, 1979-жылдын август айынан 1980-жылга октябрь айына чейин Ак-Талаа Живпром бирикмесинин башкы экономисти болуп иштеген. 1980-1984-жылдарда 1-Май колхозунда башкы экономист, 1984-1986- жылдарда Ак-Талаа райондук айыл чарба башкармалыгында башкы бухгалтер, начальниктин экономикалык иштер боюнча орун басары болгон. 1986-жылдын август айынан Кыргызстан КП Ак-Талаа райкомунун айыл-чарба бөлүмүнүн башчылыгына бекитилип, 1987-жылы сентябрда үй бүлөлүк шартына байланыштуу 1-Май колхозунун башкы бухгалтерлик кызматына которулган. 1990-1993-жылдары Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы, 1995-1996-жылдары Кош-Дөбө дыйкан чарбалар бирикмесинин төрагасы болуп иштеген. 1996-1997-жыл Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы,1997-2002-жылдары Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн катчысы. 2002-2006-жылдарда өкмөттүн жетектөөчү адиси болуп иштеп туруп, пенсияга чыккан.Айылдын алгачкы китепканачысы, алгачкы айыл өкмөт башчысы, аксакалдар сотунун алгачкы төрагасы болгон. Насыпбек Тобокеловдун жетекчилик ишмердүүлүгү Союз тарап жаткан, элдин турмушу кыйын болуп, азык-түлүк тартыштыгына кабылган, өлкө жаңы өзгөрүүлөргө, жаңы реформаларга муктаж болуп жаткан өткөөл мезгилге туш келген. Дыйкан чарбаларын түзүү, аларды мыйзамдуу документтештирүү, элге колхоздун мал, мүлкүн короо-сарайларын, айдоо аянттарын таратуу сыяктуу тарыхый реформалар айылда анын жетекчилиги астында ишке ашырылган. Каражаттардын өтө тартыштыгына, ал кезде мамлекет тарабынан айылдарды финансылык кредиттик колдоолор жөнгө салына электигине карабастан, Дыйкан чарба бирикмесинин каражаты менен бир катар иштер аткарылган. Мисалы, Тогуз-Тороо районунан, Ак-Талаа Токой чарбасынан 60 куб м карагай, теректер сатылып алынып штакетниктер жасалып, борбордук көчөлөргө коюлган. Коомдук иштери: 1.Эмгекчилер депутаттарынын Ак-Талаа райондук Советинин депутаты (1976-1979-жылдар); 2. Эл депутаттарынын Ак-Талаа райондук Советинин депутаты (1987-1989-жылдар); 3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу ассоциациясынын Борбордук Кеңешинин мүчөсү (1996-1997-жылдар); 4. Эл депутаттарынын Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин депутаттыгына бир нече жолу шайланган. Сыйлыктары: 1. Кыргызстан Ленин комсомолунун Борбордук Комитетинин Ардак грамотасы. (1970-жыл); 2. Кыргызстан КП Нарынобкомунун Ардак грамотасы (1982-жыл). 3.Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы (1996-жыл); 4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы (2006-жыл). Наамдары: 1. Кош-Дөбө айылынын ардактуу атуулу (2011-жыл); 2. Ак-Талаа районунун ардактуу атуулу (2013-жыл); 3.Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун мыктысы (2016-жыл).