Перейти к содержимому

Өмүрүн эл агартууга арнаган Өмүрназар Бейшеев жөнүндө даректүү тасма

КОШ-ДӨБӨ24 TV

Өмүрүн эл агартууга арнаган Өмүрназар Бейшеев жөнүндө даректүү тасма

1 706 просмотров · 7 дней назад
КОШ-ДӨБӨ24 TV
528 подписчиков
1 706 просмотров · 7 дней назад
Өмүрназар Бейшеев - 1957-жылы 1-январда Кош-Дөбөдө төрөлүп, 1-Май орто мектебин аяктаган. 1975-жылы Нарын шаарындагы №13 кесиптик техникалык училищаны бүтүргөн. 1975-1977-ж.ж. Советтик армияда кызмат өтөгөн. 1979-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетине тапшырып 1984-жылы бүтүргөн. 1984-1985-окуу жылында Ак-Талаа районундагы Жаңы-Тилек орто мектебинде математика мугалими болуп иштөө менен педагогикалык эмгек жолу башталган. 1985-жылы август айында өзү туулуп-өскөн Кош-Дөбө айылдагы 1-Май орто мектебине мугалим болуп которулган. 1985-87-жылдын августуна чейин математика мугалими болуп иштеп, 1987-окуу жылында информатика сабагы предмет катары окутула баштаганда, информатикага переквалификациядан өтүп 1992-жылдын сентябрына чейин иштеп андан кийин окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1995-96-окуу жылдын башынан 2001-жылдын апрель айына чейин Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинин директору болуп иштеген. 2019-жылдан баштап ардактуу эс алууга чыгып, кийин 2024-жылы Жерге-Тал айылындагы Итикул Молдобаев атындагы орто мектебине чакырылып, өмүрүнүн соңуна чейин математика мугалими болуп иштеди. Билим берүүнүн отличниги төш белгисинин ээси. 1989-2012-ж.ж. Кош-Дөбө айылдык кеңешинин бардык чакырылышынын депутаты, 2009-2012-ж.ж. Кош-Дөбө Айылдык Кеңешин төрагасы кызматтарын аркалаган. Өмүрлүк жолдошу эл агартуунун отличниги, математика мугалими Бекболотова Алмагүл эжеке менен 2 уул 2 кызын татыктуу тарбиялап, турмуш жолуна салып жогорку билим берип өстүрүштү. 2025-жылы январь айында 68 жаш курагында бул дүйнөдөн өткөн. Өмүрназар Бейшеев түзгөн Ата-Баба аманаты китебинде Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылынын жашоочуларынын ата-теги камтылган санжыра жана Кош-Дөбө айылы тууралуу тарыхый маалыматтар берилди. Учурда технология ыкчам өнүгүп, адамзаты өткөөл мезгилдин босогосунда турганда тарыхын, тегин билген муунду тарбиялоо бирден-бир жоопкерчиликтүү иш. Ар бир эр жеткен азамат өз ата теги тууралуу билүүнү сөзсүз ойлонот. Аталган китептен жети атасы, энеси, уруусу жана туулган жери тууралуу кенен маалыматка ээ болот. Китеп тарыхын, тегин билгиси келген жердештерге жана жалпы окурман журтуна арналат. Китеп - автор көзү өткөн соң жарык көрүп, окурманга жетип олтурат… Бул китеп - жаралуу менен жоготуунун тогошуу– символун эске салат. Анткени автор бул китептин чыгышын чечекейи чеч болуп күткөн болчу… Тилекке каршы эмгеги колго тийип бышкан кезде Өмүрназар Бейшеев арабыздан узап кетти… Бул санжыра китеп тек гана уруулардын тизмеси же чиймеси эмес. Ал – маркумдардын аманаты! Ал аманатты бизге Бейшеев Өмүрназар жеткирди. Ага атасы Бейше ата жеткирген. Бейше атага анын атасы таштап кеткен… Мындагы бабалар аманатынын бир өзөгүн Шералиев Саали агай сактап келген… Ошентип булактан дайра, дайрадан деңиз жаралып, бабалардын кеби Кудайдын колдоосу, автордун эмгеги менен колубузда турат. Эл байлыгы деген ушул! Эми бул байлык озуп-тозуп чаңда калбасын. Ар бир кош-дөбөлүктүн китеп текчесинде турсун. Керек болсо жаңыланып, жашарсын, толукталсын. Бул китеп – байыркынын доошу болуп, келечектин жолу болуп, бир ууч элди биримдикке тартып турсун! Бул эмгек аталар менен бабаларыбыздын Кош-Дөбө урпактарына таштап кеткен булак көзү, эмгеги, аманаты. Ал аманатты келечекке өткөрүп бериш – жаңы муундун кызылдай милдети! Демек, унутпа, кыянат кылба, таштаба орто жолго – аты ыйык АМАНАТТЫ!