Перейти к содержимому

К. ТАШИЕВ СУЛАЙМАН-ТОО МЕЧИТИНИН ОНДОЛГОНДОН КИЙИНКИ АБАЛЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Телеканал Регион

0:00 / 0:00

К. ТАШИЕВ СУЛАЙМАН-ТОО МЕЧИТИНИН ОНДОЛГОНДОН КИЙИНКИ АБАЛЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

48 072 просмотра · 2 г. назад
Телеканал Регион
185 тыс. подписчиков
48 072 просмотра · 2 г. назад
Ош шаарындагы Сулайман-Тоо мечити УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен капиталдык ремонттон өттү. Бүгүн, 28-майда генарал мечиттин оңдоп-түзөөдөн кийинки абалы менен таанышып, жараткандын үйүн жаңылоого демөөрчүлүк кылган депутат Алишер Козуевге, курулуш иштерине салым кошкон жалпы жамаатка ыраазылык билдирди. Албетте, калаанын борборунда жайгашкан негизги мечиттин оңдолушу мусулман бир туугандардын баарын кубантты. Реконструкция иштеринде мечиттин ичи-сыртынын ар бир бөлүгү жаңыланган. Буга чейин жыгачтан жасалган айнек-эшиктери пластикке алмашылып, дубал жасалгалары,эмеректери жогорку сапатка өзгөртүлдү. Мындан сырткары мечиттин астына брусчатка басылып, айрым бөлүгүнө асфальт төшөлгөн. Жашылдандыруу-көрктөндүрүү максатында бак-дарактар отургузулуп, жарыктандыруу дагы жолго коюлду. Ошондой эле канализация, жылуулук маселеси көйгөй жаратпай тургандай болуп чечилген. Жараткандын үйү курулган 12 жылдан бери оңдоп – түзөөдөн өтпөй, капиталдык ремонтко муктаж болуп турган. Мындан улам мечиттин жамааты жана шаардын тургундары УКМКнын төрагасына кайрылышкан. Белгилүү болгондой, Сулайман-Тоо мечити өлкөнүн түштүк аймагындагы эң чон мечит болуп саналат. Ош шаарында мындан сырткары 130 мечит бар. ------------------------------------------------------------------------------------------------------------------- Официальный сайт: https://regiontv.kg REGION TV @ Instagram   / regiontvkg   REGION TV @ Facebook   / regiontvkg   REGION TV @ Одноклассники https://ok.ru/region.kyrgyzstan