Перейти к содержимому

Ош: мэрия ишкерге карызы үчүн базарды берди

Азаттык

0:00 / 0:00

Ош: мэрия ишкерге карызы үчүн базарды берди

14 215 просмотров · 6 часов назад
Азаттык
2,48 млн подписчиков
14 215 просмотров · 6 часов назад
Ош шаардык мэриясы ишкерге 380 миллион сомго жакын карызын төлөп бере албагандыктан, муниципалдык “Ош Унаа” базарын 28 айга убактылуу пайдаланууга берди. Буга чейин мэриянын каражатына капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн базар эми карыздын ордуна аны оңдогон “ВЕГА-СТРОЙ LTD” компаниясынын карамагында болот. Шаар бийлиги мындай чечимди карыздан кутулуу зарылдыгы менен түшүндүрүүдө. Бирок шаардык кеңештин айрым депутаттары бюджетке киреше алып келген муниципалдык мүлктү жеке компанияга берүүнүн мыйзамдуулугунан шек санап, келишимди тиешелүү органдар текшериши керектигин айтып жатышат. “Азаттык” Ош мэриясынын бул чечиминин себептерин, базар кандай шартта жеке компанияга берилгенин жана шаар бийлигинин ишкерлер алдындагы башка карыздары канча экенин иликтеди. _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram -   / azattyk.kg     / azattykmedia   Фейсбук -   / azattyk.org     / azattyk   Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x... Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu https://t.me/azattykrus